Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Сот Next TV телеканалынын арызын канааттандыруудан баш тартты


Next TV боюнча сот жараяны. Солдон оңго: Иликтөөчү журналист Али Токтакунов, саясатчы Равшан Жээнбеков, адвокат Акмат Алагушев.
Next TV боюнча сот жараяны. Солдон оңго: Иликтөөчү журналист Али Токтакунов, саясатчы Равшан Жээнбеков, адвокат Акмат Алагушев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын жактоочуларынын арызын канааттандыруудан баш тартты.

22-марттагы отурумда сот арызды карап, телеканалдын кызматкерлерине дээрлик үч жумадан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берген жок.

Каналдын жетекчиси, саясатчы Равшан Жээнбеков сот чечимдерин басым катары баалады:

“Телеканал чыкпай койсо деле болот. Бирок анын жабылышы Кыргызстанда сөз эркиндигине, эркиндикке жана демократияга басым болуп эсептелет”.

Буга чейин Next TVнын жактоочулары тергөөчү бардык документтерди өзү менен кошо алып кеткендиктен, кеңсени жабык кармоого негиз жок экенин билдиришкен.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мөөр басып кеткен иш бөлмөлөрдө кызматкерлердин буюмдарды, зарыл дары-дармектери калганын айтып жатышат.

Бүгүнкү сот отурумунда прокуратура Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Быйыл 3-мартта УКМК "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, телеканалдын директорун камакка алган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген. (AiB/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG