Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Сот Токтонасыровду бир берене боюнча актап, экинчи берене боюнча 3 миң сом айып салды


Өндүрүш Токтонасыровдун соту. 22-март, 2022-жыл.
Өндүрүш Токтонасыровдун соту. 22-март, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады.

Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскартты. Ал эми экинчи берене - "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" боюнча 3 миң сом айып салды. Судья аны тыюу салынган жерде акция өткөргөнү менен негиздеди.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен.

Ошурахунованын иши 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны “Майда бейбаштык” деген айып боюнча актап, бирок "Укук тартибин коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" деген айып боюнча отурумду 25-мартка дайындаган.

Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин кароо 22-мартка белгиленген. Соттук жараян учурунда Токтонасыров айыптоолорго макул эмес экенин, алар милицияга каршылык көрсөтүшпөгөнүн айтты.

Абдирасуловага байланыштуу жараян 15:00дө каралат.


14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG