Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Орусиядагы өзбек мигранттарынын мекенине акча которуусу кыйла азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Март айынан тартып Орусиядан Өзбекстанга акча которуу көлөмү кыйла азайганын 22-мартта “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратовго таянып жазды.

Нурмуратовдун айтымында, март айынын биринчи жарымындагы көрсөткүч былтыркы жылдын ошондой эле мезгилине салыштырганда кыйла төмөндөдү. Бирок башкы банктын төрагасы мындай көрүнүш орус рублинин куну түшүп кеткенине гана байланыштуу деп так айтуу мүмкүн эместигин, эмгек мигранттарынын акчаны которуу же которбой кое туруу чечимин кабыл алуудагы күмөн саноолору чоң роль ойноп жатканын айтты.

Банк төрагасы акча которуулар боюнча так сандарды келтирген жок.

2021-жылы өзбекстандык эмгек мигранттары мекенине 8,1 млрд доллар которушкан. Дүйнөлүк банк Орусиядагы экономикалык кырдаалдан улам бул көрсөткүч быйыл 21% төмөн болорун божомолдоодо.

Орусияда миллионго чукул кыргыз жарандары да эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын акча которууларындагы өзгөрүүлөр тууралуу азырынча расмий маалымат айтыла элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG