Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Токтонасыров: Акцияда милицияга каршылык көрсөткөн эмеспиз


Орусиянын элчилигинин алдына согушка каршы митингге чыккан Өндүрүш Токтонасыров. 28-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын элчилигинин алдына согушка каршы митингге чыккан Өндүрүш Токтонасыров. 28-февраль, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Украинага кол салганына каршы чыккан укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго байланыштуу ишти карап жатат.

Анда Токтонасыров коюлган айыптарга макул эмес экенин, акция учурунда тартип коргоо органдарына каршылык көрсөтпөгөнүн билдирди.

"Элчиликтин алында акция, митинг өткөрүүгө болбой турганын тартип коргоо органдары бир саат бою түшүндүрүшкөн жок, окуп беребиз деп айтып, бирок окуп дагы беришкен жок. Акцияга баруу тууралуу мени эч ким үндүгөн эмес, чакырган жок. Өзүмдүн жеке каалоом менен, укук коргоочу Азиза Абдирасулова көтөргөн маселеси олуттуу болгон үчүн тилектеш катары колдоп келдим", - деди Токтонасыров.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерин токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен.

Ошурахунованын иши 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны “Майда бейбаштык” деген айып боюнча актап, бирок "Укук тартибин коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" деген айып боюнча отурумду 25-мартка дайындаган.

Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин кароо 22-мартка белгиленген. Абдирасуловага байланыштуу жараян 15:00гө белгиленген.


14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. Үч миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG