Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Тажикстанда жарандык активист он күндөн бери камакта экени маалым болду


Хорог шаарындагы каршылык акциясы. 2021-жылдын 27-ноябры.
Хорог шаарындагы каршылык акциясы. 2021-жылдын 27-ноябры.

Тажикстанда жарандык активист, “Комиссия 44” тобунун мүчөлөрүнүн бири Ифтихор Саидбеков 10-марттан бери камакта отурганын “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору Хорог шаарынын соту аны “милиция кызматкерине акаарат келтирди” деген айып менен 15 күнгө камакка алганы кабарланды.

«Комиссия 44» тобу Хорог шаарында былтыркы ноябрь окуяларынан кийин түзүлгөн, анын курамына жарандык активисттер кирген.

2021-жылдын 25-ноябрында тажик күч түзүмдөрү Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Натыйжада жүздөгөн адам Хорогдогу акимчиликке чогулуп, аны өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. Каршылык акциясы беш күнгө созулуп, милициянын атайын отряды күч колдонуп, андан жабыркагандар болгон. Бийлик айыптууларды жазалоого убада бергенден кийин митинг таркаган. Бирок ошондон бери анын жазалоо убадасы ишке аша элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG