Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Украин-орус сүйлөшүүлөрү жумушчу топтор форматында уланды


Киев шаары. 2022-жылдын 21-марты.
Киев шаары. 2022-жылдын 21-марты.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын 21-марттагы сүйлөшүүсү 1,5 саат жүрүп, андан кийинки талкуу жумуш топторунун форматында уланды. Бул тууралуу украин парламентиндеги башкаруучу фракциянын башчысы, депутат Давид Арахамия билдирди.

Ал арада украин президенти Владимир Зеленский Орусия үчүн катастрофадан аман калуунун бир гана мүмкүнчүлүгү бардыгын, ал тынчтык сүйлөшүүлөрү экенин айтты. Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков орус президенти Владимир Путин менен Зеленскийдин ыктымал жолугушуусу тууралуу айтуу бүгүнкү күндө эртелик кыларын, себеби “алар аныктай турган эч нерсе азырынча жоктугун” билдирди.

21-мартта Киевде ракеталык чабуулдан "Ретровиль" соода борбору жана анын тегерегиндеги бир нече турак үй талкаланды. Украин тараптын маалыматына караганда, кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылды.

Херсон шаарын басып алган орусиялык аскерлер калаанын оккупацияда калышына каршы чыккан жергиликтүү тургундардын митингин күч менен таркатты.

Украин бийлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин Мариуполдун багынып берүүсү тууралуу талабын четке какты.

Одесса шаарынын бийлиги Орусиянын Кара деңиздеги аскердик кемелери калаа четиндеги турак жай кварталдарын аткылоого алганын маалымдады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG