Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын арызы каралат


Бүгүн 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын арызы каралат. Каналдын жетекчилиги сотко дээрлик үч жумадан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүп кайрылган.

Алардын айтымында, тергөөчү бардык документтерди өзү менен кошо алып кеткендиктен кеңсени жабык кармоого негиз жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-мартта "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, телеканалдын директорун камакка алган.

Медиа коомчулук муну сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG