Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Байден АКШнын жеке секторун Орусиянын кибер чабуулдарынан сак болууга чакырды


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден америкалык ишканаларды жана өкмөттүк эмес уюмдарды Орусиянын ыктымал кибер чабуулдарынан коргонууну тез арада күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Кремлдин пландары боюнча көп айтыла баштаган чалгын маалыматтарга таянып билдиргенин 21-мартта АКШ президентинин администрациясы кабарлады.

«Мен биздин жеке сектордогу өнөктөштөрүбүздү кибер коргонуу чараларын чукул арада күчөтүүгө чакырам. Азыркы замандын эң негизги коркунучтарынын бирине каршы күрөшкө ар бирибиз салым кошушубуз керек”, - деди Байден.

АКШнын расмий адамдары Кремлдин карамагындагы мекемелерди жана уюмдарды түрдүү кибер чабуулдарга көптөн бери айыптап келишет. Орус бийлиги мындай айыптарды четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG