Франкфурт: топ тээп, чер жазган мекендештер
19-мартта Франкфурт-на-Майне шаарында Нооруз майрамын утурлай Европада жашаган мекендештер футболдук мелдешке жана салтанаттуу кечеге чогулду. Көчмө кубок үчүн турнирге Германиядан, Чехиядан, Польшадан, Литвадан, Даниядан 20 команда катышты. Футболдон тышкары айымдар волейбол ойноп, жигиттер аркан тартышты. Иш-чарага жаңы кызматка киришкен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышып, чогулгандарды куттуктады. Кечинде мекендештер дасторкон үстүндө концерт көрүп, чер жазышты.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 13, 2026Орусияда кыргыз мигранттын кызы терроризмге айыпталды
-
Август 26, 2026"Сахароводо күйөөмдү согушка барууга мажбурлап жатышат"
-
Август 07, 2026Иштерман мигранттардын коомдогу орду кандай?
-
Июль 27, 2026"Үшкүрүк" - айылдагы аялзаттын тагдыры