“Гуманитардык жардам берген элем”. Вильнюста кыргыз жараны соттолууда
Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылаган” деп шектелип, алты айдан бери камакта отурат. Литвалык басылмалар жазгандай, Нуркулов 2025-жылы ХАМАС кыймылынын (Европа, АКШда террорчул деп табылган) согушкер бутагы “Al Qassem Brigades” тобуна криптовалюта менен эки жолу акча которгон. Ал быйыл 21-мартта Стамбулдан учуп келе жатканда Вильнюс шаарындагы аэропорттон кармалганы белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Нуркуловдун иши көзөмөлдө турганын билдирди.
Шерине