Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Концлагерде аман калган карыя Орусиянын бомбасынан мерт болду


Борис Романченко. Архивдик сүрөт.
Борис Романченко. Архивдик сүрөт.

Орусиянын аскер күчтөрүнүн Украинанын Харьков шаарындагы бомбалоосунан улам Экинчи дүйнөлүк согушта концентрациялык лагерлерден аман чыккан, 96 жаштагы Борис Романченко каза болду. Бул тууралуу Бухенвальд мемориалдык комплексинин администрациясы анын небересине таянуу менен билдирди.

18-мартта Романченконун батири жайгашкан көп кабаттуу үйгө бомба тийген.

Романченко 1942-жылы фашисттердин колуна түшүп калып, алгач Германиянын Бухенвальд концлагерине камалган. Кийинки үч жылда Пенемюнде, Дора-Миттельбау жана Берген-Бельзендеги лагерлерде отурган.

Бухенвальд комплексинин администрациясы кабарлагандай, Романченко нацисттик кылмыштарды элдин эсине салып туруу максатында көп аракеттерди жасаган. Ал акыркы учурда Бухенвальд-Дора эл аралык комитетинин вице-президенти болуп келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG