Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Бишкекте Украинадагы согушка каршы чыккан укук коргоочулардын соту болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы чыккан кыргызстандык эки укук коргоочуга байланыштуу сот жараяндары өтөт.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерин токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен.

Ошурахунованын иши 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, сот аны “Майда бейбаштык” деген айып боюнча актап, бирок "Укук тартибин коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" деген айып боюнча отурумду 25-мартка дайындаган.

Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин кароо 22-мартка белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG