Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

“Шереметьеводо” миңдеген кызматкер жумушсуз калганы кабарланды


"Шереметьево" аэропорту.
"Шереметьево" аэропорту.

Орусиянын эң ири аэропорту “Шереметьеводо” (Москва) 16-марттан тартып кызматкерлеринин 40% убактылуу жумушсуз калганын 21-мартта айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ишкананын башкы директору Михаил Василенконун буйругуна таянып жазып чыгышты.

Жумушту аргасыздан токтото туруу мөөнөтү канчага созулары айтылган жок.

“Шереметьевонун” администрациясы айрым кызматкерлеринин иши убактылуу токтотулганын тастыктап, бирок 40% эмес, 20% экенин билдирди.

Журналисттердин эсептөөлөрүнө караганда, кеп бир нече миң адам тууралуу болуп жатат.

Алардын жумуш орду сакталып турганы, айлыгынын үчтөн экиси төлөнүп турары айтылды.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден тартып ондогон өлкө Орусия менен учак каттамын токтоткон, ал эми Европа биримдиги орусиялык учактар үчүн аба мейкиндигин жапкан.

“Шереметьево” аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы жети эсе кыскарып, азыр өлкө сыртына күнүнө эң көбү 15 учак чыгууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG