Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Эрмек Нургазиев тергөө бүткөнгө чейин камалды


Эрмек Нургазиев.
Эрмек Нургазиев.

Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору Эрмек Нургазиев тергөө иштери бүткөнгө чейин №1 тергөө абагына камалды.

Бул маалыматты "Азаттыкка" Чүй облустук милициясы ырастады. Расмий маалыматка караганда, Нургазиев алдамчылыкка шек саналып 18-мартта кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылдын июль айынын башында ИИМге Нургазиевге байланыштуу жамааттык арыз түшкөн.

Ал турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жиберген. Натыйжада 68 миң 550 доллар материалдык чыгым келтирилген.

Учурда Нургазиевге үстүнөн дагы жети арыз келип түшкөн. Натыйжада келтирилген зыяндын жалпы сумасы 7 миллион 845 мин сомду түзгөн. Нургазиевдин адвокаты же анын жакындары бул боюнча комментарий бере элек.

2021-жылдын февраль айында президенттин колдоосу менен ишкер Эрмек Нургазиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бир күн өтпөй 10-февралда кызматтан алынган. Буга курулуш тармагында иштеген Нургазиевдин аялдарга кол көтөргөн видеосу тараганы себеп болгон.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтөөгө алган. Бул иликтөөдө Эрмек Нургазиевдин да аты аталган болчу. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG