Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Украина: Борисполдун мэри элди шаардан кетүүгө чакырды


Киев облусу. 2022-жылдын 21-марты. Иллюстрациялык сүрөт.
Киев облусу. 2022-жылдын 21-марты. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Борисполь шаарынын мэри калаа тургундарын колдон келсе башка жактарга бара турууга чакырды.

21-мартта кезектеги видеокайрылуусунда мэр Владимир Борисенко “Согуш жүрүп жаткан башка шаарлардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, жайкын тургундар канчалык азыраак болсо, аскерлердин иши ошончолук жеңилирээк болот. Ишеним телефондоруна чалып, мүмкүн болсо шаардан кетиңиздер. Шарты жокторго жардам беребиз, өз алдынча кетүүгө шарты барлар машина менен колонна болуп чыга берсеңиздер болот” деп айтты.

Борисполь Киев облусунун аймагында жайгашкан шаар.

24-февралда Украинага кол салган Орусиянын аскерлери соңку күндөрү борбор калааны бутага алууда. 21-мартта шаардагы ири соода борборлорунун бирин орус армиясы тыптыйпыл кылды. Киевдин мэри Виталий Кличко бул соккудан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.

24-февралда эле Орусия Борисполдун аэропортуна ракеталык-бомбалык сокку урганын Украина тарап билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG