Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Макрон Путин менен Украина маселесин талкуулады


Эммануэл Макрон. Архивдик сүрөт.
Эммануэл Макрон. Архивдик сүрөт.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын башчысы Владимир Путинге 22-мартта телефон чалып, кайрадан Украина маселесин талкуулады.

Ушуну менен Орусия Украинага басып киргенден бери эки президент сегизинчи жолу сүйлөшүштү.

Франция тарап атышууну токтотуу тууралуу орус президенти менен да, Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен да узак сүйлөшүүлөр уланып жатканын, азырынча эч кандай макулдашуу жоктугун, бирок согушту токтотуу үчүн аракеттер улана берерин, андан башка жол жок экенин билдирди.

Кремль Украина боюнча орус жана украин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү тууралуу пикир алмашуу уланып жатканын маалымдады.

Орусиянын Украинада баштаган согушу 24-февралдан бери уланууда. Сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG