Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Бишкекте “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” форуму өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 23-мартта Бишкекте Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы жана өнүгүү маселелери талкууланган медиа форум өтөт. “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” аттуу форумду Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия жана Медиа өнүктүрүү борбору уюштурууда.

Талкууга өлкөдөгү алдыңкы ЖМК, өкмөт жана эл аралык уюмдар өкүлдөрү катышат.

Форумдун күн тартибинде социалдык түйүндөрдүн журналистикага тийгизип жаткан таасири, медиа сектордун өз алдынча жөнгө салынуусу, жаңы чакырыктар боюнча маселелер бар.

Иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө “Кыргызстандын журналистинин этика кодексинин” жаңы редакциясына кол коюшат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG