Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Зеленский: Мариуполдун жүз миңдей тургуну адам чыдагыс абалда турат


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын Мариупол шаарында бүгүнкү күндө дагы 100 миңдей адам камалоодо турганын өлкө президенти Владимир Зеленский 22-мартта кезектеги видео кайрылуусунда айтты.

"Адам чыдагыс шартта. Толук блокадада. Тамак-ашсыз, суусуз, дары-дармексиз. Тынбаган аткылоо, тынбаган бомбалоо астында", - деди украин башчысы.

Анын айтымында, шаардагы элди алып чыгуу үчүн туруктуу гуманитардык коридор түзүү аракеттери орус тараптын айынан улам үзгүлтүккө учуроодо.

Ал эми Орусия бул үчүн украин тарапты айыптап жатат.

Зеленский Рим папасы Франциск менен сүйлөшкөнүн, анын Украинага көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргенин жана өлкөгө келип кетүүгө чакырганын айтты.

Ал эми украин-орус сүйлөшүүлөрү тууралуу Зеленский талкуу күн сайын, бирок оор, кээде уруш-талаш менен жүрүп жатканын маалымдады.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG