Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Жапаров: Кыргызстан өзүн тогуз азык менен камсыздоосу зарыл


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы маселелер талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

"Биз жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, лизинг аркылуу кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай комплексине зарыл колдоо көрсөтүүгө умтулуп жатабыз. Мамлекеттик банктар, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, "Кепилдик фонд" ачык акционердик коому өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнө болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында тийиштүү каржылоону сунуштайт. Мен жума сайын азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин чечими менен "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоору бекитилген. Ага ылайык, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн "Айыл Банк" жана "РСК Банкка" 10 млрд. сом бөлүнгөн.

Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы согуштан улам дүйнөдөгү элүүдөй мамлекетте азык-түлүк кымбаттай турганын эскерткен. Орусияга салынган катаал санкциялардын илеби Кыргызстан жана чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө дароо таасирин тийгизди.

Мындан улам кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салды. Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, баасын турукташтыруу үчүн кабыл алынган. Мындан тышкары уй этин, чөп, саман, кебек, дан тоюту, аралаш тоют, арпа жана сулуну Кыргызстандын аймагынан чыгарууга болбойт.

Кыргызстан өзүн-өзү болгону үч гана азык менен камсыздай алат. Алар картөшкө, сүт жана жашылча. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG