Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 58 өрт өчүрүүчү унаа алып берди


Кыргызстанга жаңы алынып келинген өрт өчүрүүчү унаалар.
Кыргызстанга жаңы алынып келинген өрт өчүрүүчү унаалар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшүп, ал “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Орусиядагы заводдон чыгарылган өрт өчүрүүчү автоунаалардын биринчи партиясы былтыр декабрда келген.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирген.

Мындан тышкары Кытайдан алты мобилдик госпитал, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бекер берилерин айткан.

2021-жылы Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG