Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Сурамжылоо: Санкциялар Орусиядагы 95% мигранттарга таасирин тийгизди


"Инсан-Лейлек" фонду жана мигранттардын кошууну Орусияга карата салынган санкциялардын эмгек мигранттарына тийгизген таасири туурасында сурамжылоо уюштурган. Ага ылайык, Орусияда иштеп жаткан мигранттардын 95% (сурамжылоого катышкандардын - ред.) санкциялар аларга таасир эткенин айтты. Катышуучулардын 64% каржылык кыйынчылыктарга дуушар болгонун айтышса, 40 пайызы үйүнө, мекенине кайтышы мүмкүн экенин билдиришкен. Ал эми суралгандардын 77% Украинадагы согуш жакын арада бүтүп, санкциялар кайра алынарына ишенет.

Бүгүн, 23-мартта аталган уюмдар "Эмгек миграциясынын альтернативдүү модели" деген сурамжылоо-изилдөөнүн бет ачарын өткөрүп жатат. Сунушталган модель эмгек мигранттары көп барган өлкөлөрдө мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү, тийиштүү мамлекеттик көзөмөлдү, иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин камтыйт.

Кыргызстандын бюджетинин ички дүң өнүмүнүн 35% сыртта жүргөн мигранттар которгон акча түзөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Орусиянын экономикасындагы оор абалдан улам мекенине кайтууга аргасыз болгон мигранттар күтүлүп жатканын, аларды жумуш орду менен камсыз кылууга өкмөт аракет кыларын айтып, бирок мунун баары тез арада боло койбосун эскерткен.

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Анын көпчүлүгү Орусияда иштейт.(JsA/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG