Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Министрлик жети жаштагы баланын өлүмүнүн себебин түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги сүннөткө отургузгандан кийин эсине келбей, чарчап калган жети жаштагы баланын өлүмүнүн себебин түшүндүрдү. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, наркоз берген учурда баланын жүрөгү токтоп калган.

"Учурда оорукананын жетекчилиги ички иликтөө жүргүзүп жатат" - деп айтылат маалыматта.

Жети жаштагы бала Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда 2-апрелде наркоз (жалпы эмес) менен сүннөткө отургузулган.

Кийин Платтер синдрому, жарааттан кан кетүү диагнозу менен балдардын 3-ооруканасына түшүп, эсине келбей үзүлгөн. Милиция бул фактыны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, иликтөө уланып жатканын билдирүүдө.

Сүннөткө отургузгандан кийин абалы начарлап, каза болуп калган учурлар буга чейин дагы катталган. 2019-жылы Ысык-Көл районунда сүннөткө отургузуу маалында үч жашар бала чарчап калган. Анда дагы балага наркоз бергенден кийин эсине келген эмес.

XS
SM
MD
LG