Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Мугалимге айлык менен кошо талап да жогорулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлыгы 50-100 пайызга чейин көтөрүлө турганын билдирди.

309 миңдей кызматкер үчүн бюджеттен тогуз айга 26 млрд. сом бөлүнгөнүн жарыя кылды. Аталган тармактардын кызматкерлери жана эксперттер бийликтин убадасы аткарылганын кийинки айда, айлык акы колго тийгенде гана айтууга мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Иши оор, акчасы аз социалдык кызмат

Социалдык коргоо кызматында 10 жылга жакын иштеген Айгүл 7-8 миң сомдун айланасында айлык алчу. Майыптыгы бар балдар менен иштегендиктен, ал каттоодо турган балдардын үйлөрүн, жашоо-шартын көрүп, кыдырат.


"Эреже боюнча жылына эки жолу текшерүү керек. 500-600 баланын баштан-аяк кыдырып чыкканча, жарым жыл өтүп кетет. Орто жолдо жаңыдан каттоого турган балдар кошулат. Баарынын үйүнө барып, жашоо-шарты менен таанышып, абалын көргөнчө өмүрүң деле өтө берет экен. Андай балдардын ата-энелери негизинен батирде турат, бат-бат даректери алмашат, алмашкан сайын дагы баруу керек, мунун баары чоң түйшүк. Кээде жөө бир нече чакырымдап кыдырууга туура келчү".

Айгүлдүн айтуусунда, социалдык кызматкерлерге айлыктан тышкары жол киресине жана башка чыгымына акча төлөнбөйт. Алар таксиге, автобуска өз эсебинен төлөөгө аргасыз.

"Мен аягында чыдабай кетип калдым. Анткени иши оор, айлыгы аз. Үй-бүлө багам деген кишиге иштөө аябай эле оор. Көбүнчө жаштар келет, айлыктын аздыгынан көп иштебей кетип калышат. Сураштырсам, мен кеткенден бери ордумда үч-төрт адам алмашыптыр. Себеби - айлык аз. Карызга тамактанышат, карызга кийинет, үй-бүлөлүү болгондо акчасын жеткире албай кетип калат".

1-апрелден тарта айлыгы көтөрүлүп, көбөйө тургандардын арасында Айгүл сыяктуу социалдык кызматкерлер да бар.

Президент Садыр Жапаровдун социалдык чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында билдиргендей, 1-апрелден тартып билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлыгы 50-100 пайызга чейин көтөрүлдү.

"Менин жарлыгыма ылайык, биз айлыкты дээрлик 100 пайызга көтөрдүк. Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачынын айлыгы мурда 10875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлыгы 21 845 сомду түзүп, эки эсеге көбөйдү. Нарындагы мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери боюнча да биз айлыкты орточо эки эсеге жогорулаттык. Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт. Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, тажрыйбасы көп болсо – андан да көп алат".

"Мындан ары саат үчүн акча төлөнбөйт"

Мамлекет башчы мугалимдердин айлык акысы да 80% жогорулаганын кошумчалап, бирок иш жүзүндө үч эседен ашык көтөрүлгөнүн айтты:

"Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педагогикалык окуу жайды бүтүргөн, эмгек тажрыйбасы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт. Көрүп турганыңыздай, үч эсеге көбөйүп атат. Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш тажрыйбасы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт". Президент мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы көбөйө турганын, бирок аларга талап да катуу коюларын эскертти. Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестациялоо иштери жүрө турганы, билим берүү тармагы өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктаж экенин кошумчалады.

Кара-Суу районундагы орто мектепте 25 жылдан бери мугалим болуп иштеген Элмира Алматова 2011-жылы президент Роза Отунбаеванын тушунда айлыгы чындыгында көбөйгөнүн эстеди. Андан кийинки бийликтерде мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп айтылганы менен, иш жүзүндө көп деле акча кошулбаганын айтып, бул жолу да окутуучулар көбөйгөн айлыкты колдоруна алмайынча ишене албай турганын жашырган жок.

"Роза Отунбаева президент болуп турган 2011-жылы жазында айлык акыбыз үч эсеге көбөйгөн. Мен 2500 сом алчу элем, ошондо 7500 сом алгам. Баарыбыз ушунчалык кубанганбыз. Бирок Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп келгенде биздин акчабызды "көп саналып калыптыр" деп, 500-600 сомун кемитип салган. "Көтөрүп беребиз, мына көтөрдүк" дегени менен биздеги класс жетекчилик, дептер текшермей жана башка көптөгөн түйшүктөрүбүз үчүн төлөнгөн биртке тыйындарыбызды азайтып салган. Колубузга кайра эле арзыбаган акча тийчү. Бул жолу президент өзү "оклад системасын киргизип, категорияларды да калтырдык" деп жатат, демек, аз да болсо ишенич бар".

1-апрелден тарта мугалимдердин, медицина, илим жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрү тууралуу өкмөт былтыр күзүндө эле шардана кылган.

4-апрелдеги жыйында президент Жапаровго удаа эле сүйлөгөн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда окуучунун жылдык окуу жүктөмү 1020 сааттан 820 саатка кыскартыларын билдирди.

Бул өз кезегинде мугалимдердин кооптонуусун жаратты. Мугалим Элмира Алматова ушул тапта айлык акысы мугалим берген саат боюнча эсептелерин белгилеп, "сааттар азайса, айлык деле көбөйбөйт тура" деген божомолу менен бөлүштү.

Ошол эле 4-апрелде, кечке жуук билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Фейсбуктагы баракчасына билим берүү тармагында айлык акы кандай жол менен, кимдерге көтөрүлөрүнө кеңири түшүндүрмө жазды:

Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

"2022-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде (мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы орто билим берүү уюмдарында, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик берүү уюмдарында) иштеген педагогдордун айлык акысы 80 пайызга, ал эми административдик-башкаруу кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлɵɵ кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга жогорулатылды.
Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен педагогдордун эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргиздик: мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысын сааттык негизде төлөө шарттарынан баш тартып, ставка боюнча төлөөгө өттүк. Педагогдордун эмгек акысын эсептөөнүн бул модели боюнча жогорку класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка 18 саатты, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка – 16 саатты түзөт. Окуу жүктөмүнүн эң чоң көлөмү 27 саатты же 1,5 ставканы түзөт. Бул айлык акынын көлөмү эми туруктуу болот дегендик. Андан тышкары министрлик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо максатында 136 өлкөнүн моделин изилдеп, алгылыктуусун Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарынын жогорку класстарына киргизүүнү мерчемдеп жатат. Окуучулардын жылдык жүктөмүнүн кыскартканы, мугалимдердин айлыгына эч кандай терс таасирин тийгизбейт", - деп белгиледи министр.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров 27-октябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө бул 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгына байланыштуу болорун билдирген.

Президент Садыр Жапаров айлык акыны көтөрүү үчүн акча бюджетте жетиштүү экенин, казына Кумтөр жана башка кен байлыктардан толуп жатканын айтты.

"Аты улук, супарасы курук"

Серепчилер белгилегендей, Кыргызстанда ар бир бийлик күч кызматкерлеринин: ИИМ, прокуратура, УКМК жана аскер кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүп, аларды бекер турак жай менен камсыз кылууга аракеттенип келет.

2020-жылы бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тушунда да, былтыр күч кызматкерлеринин айлык акысы жогорулаган. Билим берүү адиси Кеңешбек Сайназаров бул жолу жалаң социалдык тармакта иштеген кызматкерлердин маянасы көтөрүлүп жатканын жакшы саамалык катары белгиледи.

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

"Элдин чыныгы катмары - ушулар. Булардын маянасы жакшырганы -жалпы элдин жашоосун жакшыртат. Күч кызматкерлерин колдоп, айлыктарын көбөйтүп, турак жай менен камсыз кылуудан тышкары, карапайым калкка да көңүл бурулганы - жакшы саамалык".

Билим берүү жаатындагы адис, педагог Асылбек Жоодонбеков мугалимдердин айлык акысы көбөйдү деген маалыматты кубануу менен кабыл алганын, бирок кептин баары колго тийген айлыктын өлчөмүндө болорун айтты:

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

"Мамлекет башчы өзү социалдык тармактардын кызматкерлерин чогултуп, мисалдарды келтирип, ала турган айлыктарын санап берип жатканы - жакшы көрүнүш. Бирок апрель эми эле башталды. Апрелдин айлыгы колго тийгенде баары белгилүү болот. Мурдагы учурларда "айлык көбөйөт" деп айтылып эле, аягында болбогон акча тийип калчу".

Улуттук статистикалык комитеттин 2021-жылдагы маалыматына ылайык, өлкөдө орточо айлык акы 19 миң 586 сом болгон. Ошол эле учурда жашоо минимуму ар бир адамга 6332 сом деп эсептелинген. Ал эми социалдык, маданият, медицина кызматкерлери, мугалимдер менен илимпоздордун орточо айлык акысы 15 миң сом деп көрсөтүлгөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG