Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Депутат Украинадагы согушка каршы чыккандарга милициянын мамилесин сындады


Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Бишкекте Украинадагы согушка каршы тынчтык акциясына чыккандардын кармалышын сындады.

Ал 5-апрелде парламент жыйынында бул маселени көтөрүп, Орусияны колдоп чыккандарга уруксат берип, Украинага тилектештик билдиргендерди кармап кетүүнү чекилик деп атады.

"Бир эле маселе боюнча эки башка акцияга чыккандарга бирдей мамиле болушу керек. Милициянын бир эле кадамы менен чоң санкцияларга себепкер болуп калбашыбыз керек", - деди Акаев.

Депутат мындай билдирүүнү баш прокурор Курманкул Зулушев жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан жыйында айтты.

2-апрелде Бишкекте Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууну талап кылып Горький атындагы гүлбакта акция өткөргөн жарандык активисттерди милиция кармап кеткен.

Ошол эле күнү аталган гүлбакта Орусияны колдогон адамдар топтолгон, бирок аларга укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чектөө болгон эмес.

Милиция Бишкекте 1-апрелден 1-июлга чейин Орусия жана Украина маселесине байланыштуу акция-митингдерди өткөрүүгө болбой турганын айтып, соттун чечими бар экенин эскерткен. Андан бир күн мурда президент Садыр Жапаров Горький гүлбагында акцияларды өткөрүүгө тыюу жоктугун билдирген эле.

Акцияда кармалгандарды кийин сот актаган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен.

БУУнун Миграция боюнча агенттигинин маалыматында Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан бери 11 миллиондон көп киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

1-апрелге чейин 7,1 миллион киши өлкө ичинде жер которгон, 4,2 миллиону чет жактарда башпааналап жүрөт.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери айтып келет.(SE)

XS
SM
MD
LG