Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Орусча сүйлөөнү талап кылган судьянын ишин Тартип комиссиясы карап жатат


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго кыргызча сүйлөөгө уруксат бербей, орусча сүйлөшүн талап кылган судья Таалай Турсунбековдун ишин Тартип комиссиясы карап жатат. Бул тууралуу 5-апрелде Жогорку соттун төрагасынын орунбасары Нурлан Мусаев парламенттеги жыйында билдирди.

Депутат Жанарбек Акаев бул маселени көтөрүп, мындай жорук өлкөнүн эгемендигине, жарандардын укугуна доо кетире турганын айтып, ага кандай чара көрүлгөнүнө кызыкты.

Мусаев Тартип комиссиясы карап бүткөндөн кийин ошого жараша чара көрүлөрүн белгиледи.

18-мартта Украинадагы согушту токототуу чакырыгы менен Орусиянын элчилигинин алдына тынчтык акциясына чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыровду, Азиза Абдирасулованы жана Динара Ошурахунованы милиция кармап, иш Биринчи май райондук сотунда каралган.

Активист сотто орусча эмес, кыргызча көрсөтмө бере турганын айтканда, судья Таалай Турсунбеков анын орусча сүйлөшүн талап кылган. Бир топ талаштан кийин судья кыргызча сүйлөөгө уруксат берген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG