Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

"Бизге эч ким келген жок". Эл каттоо кандай өттү?


Эл каттоонун биринчи этабы 3-апрелде аяктады.
Эл каттоонун биринчи этабы 3-апрелде аяктады.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери үчүнчү ирет эл жана турак жай каттоо жүрүүдө. Ош жана Бишкек шаарларында эл каттоо өнөктүгү 3-апрелде жыйынтыкталды. Статистика комитети ырастагандай, 4-6-апрелинде толуктоо иштери болот. Ал эми өлкөнүн алыскы аймактарында эл каттоо 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөт.

Эл каттоонун жүрүшү

Ири шаарларда эл каттоонун биринчи этабы 3-апрелде аяктаганы менен айрымдар ага катышпай калганын айтууда. Алардын бири 47 жаштагы Жумамидин мындан он жыл мурун Баткенден үй-бүлөсү менен келип, Бишкекке отурукташып калган. Жубайы, үч баласы менен турат.

“Эл жана турак жай каттоо болот деп уктук эле. Анан келсе керек деп ойлогом, бирок эч ким келген жок. Онлайн каттоодон өтсө болот деп айтып жатышты беле? Мен анысын түшүнбөйм. Менин үйүмдө жок дегенде бир киши үйдө болот дайыма. Мурдагы эл каттоодо дагы үй бүлөбүз менен Орусияда болуп калган элек”.

Эл каттоонун жүрүшү тууралуу соцтармактарда ар кандай пикирлерди жазып жатышат. Айрымдар мүлк тууралуу берилген суроолорду жактырбаса, кээси эл каттоодон өтпөй калгандар көп экенин жазды.

“Мага эл каттоодон деп келишти. Үйдүн аянтын аябай такташты. Биздин үй-бүлөдө беш киши Орусияда иштеп жүрөт. Алар тууралуу да маалымат сурашты айтып бердим. Кыскасы, көп деле убактымды алышкан жок. Менин үч кошунам эшигине кулпу илип, Орусияга кеткен. Алар катталбай калды. Алардын малыматын ким айтып бермек элек",-дейт Оштун тургуну Мирболот.

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу жаңы конуштардын биринде турган Авазбек айыл башчынын үйүнө барып каттоодон өткөнүн айтып берди.

“Күндүзү үйдө болбой калабыз. Айыл башчыбыз WhatsApp группадан "келип каттодон өтүп кетсеңер болот" деп айткан экен. Барып беш минутада суроолоруна жооп берип, келе бердим. Эл жана турак-жай каттоо деп айтышты. Суроолору да аз эле окшойт, же бизде ашыкча нерсе жок болгондуктанбы иши кылса тез эле өттү”.

"Квартал башчысынан эле тактап..."

Эл каттоо жүргүзүп жаткан адистер өнөктүк айыл жерлеринде иреттүү жүрүп жатканын белгилеп жатышат. Ал эми шаар жерлеринде абал бир аз башкача дейт өнөктүккө катышкан адистердин бири Айпери Болотжанова.

“Бизге координаторлордон тапшырмалар берилип, он күн бою өз аймагыбызды кыдырдык. Ар бир үйгө кирип, суроолорго жооп алганга аркет кылдык. Эл ичинде бизди түрдүү кабылдашты. Бири туура эле ойлоп жооп берсе, дагы бири эмнеге менин мүлкүмдү сурап жатасыңар дегендей шектенип карайт. Анан түшүндүрүүгө туура келет. Бул деген келечекти пландоого, кайсыл тармакта иштерди өзгөртүү, түрдүү анализдерди чыгарганга, пландоого жардам берет деп майдалап айтып берип жаттык. Мен 90 үйгө кирсем, үчөөнө такыр кире албадым десем болот. Бир жака кеткен же такыр үйүндө турбайт. Аны квартал башчысынан эле тактап киргизип койдук. Ушундай болуп дайыма күндүзү жумушта же базарда болсо ага жолуга албай калышыбыз мүмкүн. Бирок каттоого мурдакы маалыматтар менен кирип калат. Оор болгон жок. Бирок ар ким ар түрдүү кабылдайт экен”.

Эл каттоонун биринчи этабы жыйынтыкталып, кайра тактоо иштери дагы үч күн бою жүрөт. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев тактоо иштери уланаарын билдирди.

“Кайсыл үйгө барылбай калды, эмне себептен катталбай калды дегендерди тактап кайрадан каттоо жүрөт. Башынан ушундай тартип менен каралган. Дагы он күндөн кийин кайра үч күн тактоо жүрүп, катталбай калгандар текшерилет. Кээ бирөө үйүндө жок болуп калат экен, дагы башка шылтоолор болот экен. Биз ошонун баарына кирип тактап, каттап чыгышыбыз керек. Андан тышкары тандалма кайра тактоо ишин жүргүзөбүз. Ар бир он үйдүн бирөөсүнө кирип топтолгон маалыматтын тактыгы текшерилет. Тешерүүчү каттоо дегенди жүргүзөбүз. Жарандарыбыз өздөрү да кайдыгер болбой жардам берип, кокус катталбай калса, бизге кайрылса биздин кызматкерлер дароо каттого алышат. Анан бул жолу электрондук катоо жүрдү. Ошондо биз кайсыл үйгө биздин катоочу кирбей калганын тактап алабыз".

Улуттук статистика комитети өлкөнүн алыскы аймактарында эл каттоо 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөрүн ырастады.

"Бизде жалпы үй-бүлөсү менен кеткен миранттардын катталбай калуу коркунучу бар. Алардын бир жылдан ашык убакытка кеткен болсо, каттай албай калабыз. Бул жакта ал бүлөнүн бирөө жарымы болсо, каттап алабыз. Ал эми эч кимси жок болсо, катталбай калып кетиши мүмкүн. Жалпысынан биздин серверге 2-майда маалыматтар келип түшөт. Андан ары аны иштеп тармак тармак боюнча бөлүп чыгабыз. Алгачкы малымат 2-майдагы каттоо аяктагандан кийин иштелип баштайт”,-деп кошумчалады Зайнидин Жумалиев.

Эл жана турак жайларды каттоонун мааниси

Кыргызстанда кезектеги эл катто өнөктүгү COVID-19 пандемиясынан улам өз мезгилинен үч жылга кечигип өтүүдө. Бул жолу эл каттоо өнөктүгүнө 28 миң адам тартылган. Алар Улуттук статистика комитетине убактылуу жумушка алынды.

Эл каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүрөт. Бул жолу турак-жайды каттоо да кошулду. Мурда маалымат кагаз түрүндө толтурулуп келген болсо, азыр атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемеге жүктөп турат.

"Демографиялык саясат - мамлекеттик саясаттын анабашы. Ар бир мамлекеттин негизги функциясы - өзүнүн калкынын коопсуздугун, бейгамчылыгын камсыздоо. Калктын санын каттоо жөн эле эсептеп коюу эмес. Кандай жашайт, кантип окуйт деген өңдүү жүздөгөн көрсөткүчтөрдү аныкташ керек болот",-дейт коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир жаран, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар дагы өтөт. Каттоо учурунда беш анкетада 45ке жакын негизги суроолор берилери айтылган. Анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, курагы, жашоо-шарты, киреше булагы сыяктуу суроолор бар. Бул суроолорго үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе да болот.

Улуттук статистика комитети 2-апрелде биринчи болуп Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында эл каттоо аяктаганын билдирди. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

Кыргызстандын эгемендүү тарыхында биринчи эл каттоо 1999-жылы болгон. Анда жыйынтыгы боюнча өлкө калкынын саны 4,8 миллион адамды түздү. 2009-жылы эл каттоодон 5,3 миллион адам өткөн. Ал өнөктүктө 10 жылдын ичинде мекенинде "убактылуу жашабаган" кыргызстандыктар алты эсеге көп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG