Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

Эл каттоо: Калем учу менен “жок” болуу же жасалма көбөйүү


Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Нооруз майрамы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан быйыл жазында 30 жыл ичинде үчүнчү ирет эл-журттун эсебин алып, каттаганы турат. Бириккен Улуттар Уюмунун ар он жылдыкта элди эсептеп туруу жөнүндө сунушу дээрлик бардык өлкөлөр үчүн эрежеге айланып калган.

Казактар, тажиктер да үч мертебе элди каттады. Мындан Өзбекстан акыркы ирет 1989-жылы каттоо жүргүзүп, эгемендүүлүк мезгилинде биринчи ирет 2020-жылы эсептемекчи болуп, илдеттен улам былтыркыга калып, эми эмдиги жылы каттамай болушту.

Акыркы 10 жылда Борбор Азиянын калкы ар жылы орточо эсеп менен миллион адамга өсүүдө. Ушул тапта Борбор Азия республикаларында жалпысынан 74,5 миллиондон ашык калк жашайт. Бул планетанын жалпы калкынын 1% түзөт. Жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө жана энелер менен балдар арасында өлгөндөрдүн саны көптүгүнө карабастан, калктын саны арбыгандын ичинде.

2019-жылы региондун калкы 1, 36 млн. адамга көбөйдү. Аманчылыгын тилейли. Анын теңи Өзбекстандын эсебинен кошулду. Башкача айтканда, ушул жылы 815 миң өзбек жарык дүйнөгө келген. Соңку 10 жыл ичинде өзбектер 7 млн. кишиге көбөйдү. Бул Кыргызстан менен Түркмөнстандын калкына караганда алда канча көп. Ар жылы бул өлкөдө жарым миллион кишиге көбөйөт. Демек, ушул темп менен 37, 72 миллион Өзбекстандын калкы 2040-жылы 40 миллиондон ашат. Бирок калктын санынын өсүү темпи боюнча Тажикстан алдыда.

Бул өлкөнүн жашоочулары орточо эсеп менен ар жылы 2,4% көбөйүүдө. Учурда 9,3 миллиондон ашты. Улуттук органдардын жана БУУнун эсеби боюнча, Кыргызстан 2030-жылы 7 миллионду араң чапчып, 2050-жылы гана 8 миллиондон ашмакчы. Ошентип, 8 жылдан соң региондун калкы 90 миллионго жетип, биздин өлкө калкынын саны эң аз өлкө бойдон калат. Өзбекстан региондогу калктын теңине жакынын түзөт. Казакстанда азыр 19 миллиондон ашык калк жашайт, башкача айтканда, региондогу жалпы элдин чейрегин, ал эми Кыргызстанга 8% туура келет.

Демографиялык кырдаал Казакстанда татаал. Калктын жыштуулугу боюнча эң төмөн, 1 чарчы километрге 6 адам.

Азыркы учурда Казакстанда орустардын саны 3,7 миллиондон ашык, же жалпы калктын 23,7% түзөт. Анын ичинен Орусия менен чектеш облустарында орус тилдүү калк көп жана компактуу жашайт. Акмоло облусунда 736,7 миң калктын 239,3 миңи (32%) орустар. Орустар Чыгыш Казакстан облусунда 486,9 миң (37%), Түндүк Казакстан облусунда 270,8 миң (49%), Павлодар облусунда 262,6 миң (34%).

Калем учу менен “жок” болуу же жасалма көбөйүү

Эл каттоо бул эл-журттун эсебин алып гана тим калуу дегендик эмес. Жыйынтыгы бизди ойлонтууга тийиш. Фергана облусу калкы эң жыш аймак бойдон калат. Эл эмне оокат кылып жатат, эмнеге муктаж экенин тактап, келечекке көз чаптырып, эртең кантебиз, ушунча калк кантип жашайт деп санаа тартышыбыз керек.

Биринчиден, санакты жүргүзүүдө тарыхый тажрыйбаны эске алууга тийишпиз. Эл каттоо кызык нерсе. Калкты саноодо бүтүндөй этностор калем учу менен “жок” болуп, кээ бирөөлөрү жасалма көбөйүп кеткен учурлар да кездешет. Нечен кылымды кучагына алган процесстердин айынан жок болуп, башкаларга сиңип кетсе бир жөн, көзү тирүү, эсепте жүрүп, бир нече жылдан соң аты тарыхта гана аталып, “статистикалык архивге”, демографиялык “реликтке” айланган элдер да бар.

Мисалы, Фергана өрөөнүндө "сарт" деген ири этнос бар эле. Мавераннахрды жердеп келген, насили перс тектүү, орто кылымдардын соңунда ургаалдуу түрктөшүп, XVII-XVIII кылымдарда биротоло түрк тилдүү элге айланган, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк жана соода менен оокат кылган байыркы этнос. 1880-жылы Фергана өрөөнүндө сарттар 344 миң, кыргыздар 126 миң деп болжолдуу айтылган. Кийин, 1897-жылы орус империясы жүргүзгөн эл каттоодо сарттар 789 миң, кыргыздар 201 миң, өзбектер 153 миң экендиги аныкталган (караңыз: Туркестанский край. Опыт военно-статистического обозрения Туркестанского военного округа. СПб, 1880. Т.1. 326-б.)

1937-1939-жылдардагы Бүткүл союздук эл каттоодо сарттардын ысымы биротоло жок болот. Окумуштуулар сарттарды жана Ферганадагы кыпчактарды (100 миңге чукул) тээ 1917-жылы эле өзбек кылып жазып салышканын белгилешет (караңыз: Ферганская долина: Этничость, этнические процессы, этнические конфликты. -М. 2004. 88-б.). Наманган уездинде 355 миң калк жашарын, анын ичинен сарттар 63%, кыргыздар 21%, тажиктер 6%, кыпчактар 7% түзөөрүн орус окумуштуулары так жазышкан (Статистический обзор Ферганы. 1904-1913).

Ушул эле документте Наманган уездинин Арым, Багыш, Баястан, Куттуксейит, Кызылжар, Кыркуул, Саруу, Чаткал сыяктуу он чакты болуштуктарында кыргыздар негизги калк экени даана көрсөтүлгөн. Даанышман акын Молдо Нияз (1820-1896) ырларында аймакта жашаган элдерди тизмектеп (кыргыз, өзбек, түрк, кыпчак), сарттарды кошо атайт. Кокон хандыгынын тарыхын жазган “Тарих-и-Шахрукинин” автору сарттарды хандыктын букаралыгындагы кирген эл деп баяндайт. 1926-жылкы эл каттоодо ойроттор 47 миң деп катталган. Он жылдан кийинки каттоодо жок. Түгөнгүр каттоочулар калмактарга кошуп салдыбы десем, калмактары өзүнчө катталып жүрөт.

Тескерисинче, 1926-жылы ассириялыктар катталган эмес, бирок 1939-жылы алардын саны 20,2 миң деп көрсөтүлгөн. Каракалпактар 1938-жылы 185,7 миң болсо, 1959-жылы 172 эле миң калган. Талыш деген иран тектүү этнос 1926-жылы 77 миңден ашык, 1939-жылы 88 миң болуп катталып, ортодо 30 жыл эсепке кирбей, 1989-жылы 21 миң болуп көрсөтүлгөн. Журтун таштап көчүп кетти десек, СССР жабык эле. Депортацияланган элдердин катарына да кирбейт экен. 30 жыл ичинде ассимиляцияга учурап, иденттүүлүгүн жоготушу мүмкүн эмес эле.

Демек, каттоонун залакасы. Крым татарлары 1959-жылга чейин эсепте жок эле да 1959-жылы 47, 7 миң деп көрсөтүлгөн. 1989-жылы саны 271, 7 миңге жеткен. Башкача айтканда, 40 жылда беш жарым эсе көбөйгөн. Дегеле СССР жүргүзгөн эл каттоолордо бир заматта жок болуп кеткен, саны азайган же кыска убакытта пайда болуп, кайдан-жайдан саны кескин өскөн этносторду байкоого болот.

Мындан украиндер менен казактардын саны 1926-жылга караганда 1939-жылкы каттоодо кескин азайганын байкоого болот. Мисалы, казактар 1939-жылдагы каттодо 1, 1 миллионго (27,9%), украиндер 31 миллиондон 26 миллионго (15%) азайган. Кайда кетти? Тышка качканы качты, дээрлик көпчүлүгү ачарчылыктан кырылды. Албетте, советтик идеология аларды 1929-1933-жылдардагы кургакчылыкка байланыштуу ачарчылыкка, малярия ж.б. шылтап келген. Эми деле орус саясатчылары, аналитиктери ушинтип түшүндүрөт. А чындыгында 1929-1933-жылдары кургакчылык болбогонун Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук учурунда, Компартияда иштеп турганында тактаганын эскерет. Украиндер муну “голодомор”, “экономикалык геноцид” деп атайт. Аныгында бул совет өкмөтүнүн волюнтаристтик коллективдештирүү жана натуура айыл чарба саясатынын кесепеттүү натыйжасы. Эсил кайран Жусуп Абдрахманов болбогондо биздин бир тууган казактар мындан да көп жоготууга учурамак. Непадам Абдрахманов саясий эрдикке жарабаганда, 1916-жылы катуу кырылып, жаңы эле калыбына келе баштаган кыргыздардын күнү не болмок, болжош кыйын.

Өсүү темпи

Коңшу республикаларда кыргыздардын өсүү темпи төмөн. Мисалы, Казакстанда кыргыздар 1939-жылы 10 миң болсо, 2009-жылы да 10 миң бойдон калган. Өзбекстанда 107 миң болчу, эми канчасы калды, аны көрө жатаарбыз. Бирок ошол жылдары Жизак облусунан келип, биз менен университетте чогуу окуган кыргыз улан-кыздар паспортунда өзбек болуп жазылганын даана билебиз.

Тажикстанда кыргыздар 2000-жылы 65,5 миң болсо, 2010-жылы 60,7 миңи калган же 7,3% азайган. Европалык улуттар орустар, украиндер, немистер сыяктуу бул өлкөдө кыргыздар азайганы азайган, туруктуу тенденция байкалат. Дегеле Тажикстан барган сайын моноэтникалык өлкөгө айланууда. Башка республикаларда деле кыргыздарын саны арбып кеткен эмес. Табигый өсүштүн орточо деңгээли тургай, минималдуу көбөйүү байкалбайт. Ал эми, биздеги коңшу улуттардын саны туруктуу өсүүдө. Тажиктер 1999-жылы – 42,2 миң, 2009-жылы – 46, 1 миң, 2021-жылы – 58 миң, өзбектер 1999-жылы 665,9 миң болсо, 2009-жылы 768,4 миңге жетип, 2021-жылы 958,3 миңге өстү. Эгерде Кыргызстан жашоого жараксыз, куугунтукка, кысымга кабылса карап турат беле.

Тышка жана Орусияга миграция Борбордук Азия өлкөлөрүндө күч. Олуттуу, кош миздүү проблема. Жакында токтобойт көрүнөт. Росстаттын маалыматы боюнча, 2017-жылдан тартып Орусияда калктын саны азая баштады (табигый өсүш тескери сальдого чыкты -0,02, төрөлүү коэффициенти 1000 кишиге 1,7ни түздү. Тенденция уланууда. Орус бийлигинин демографиялык саясатынан натыйжа оңдуу чыга элек. “Эне капиталы” да абалды өзгөртө албады. Ошол эле учурда жылдык миграциялык коэффициент 1,8 же 240,0 киши, анын көбү кыргыздар, тажиктер жана өзбектер. Ушул тапта 1 миллиондон ашык кыргыз баласы Орусияда жүрөт.

2023-жылга прогноз боюнча Орусияда жалпы калктын саны 146 миллион 862,8 миңди түзөт, табигый өсүш 91,4 миңге араң жетет. Ал эми миграциялык өсүш 275 миң деңгээлинде калмакчы. Улгайган адамдардын саны арбып, эмгекке жарамдуулар азаят, демек жумушчу күчүнө талап күчөйт. Өз өлкөсүндөгү жумушсуздук Борбор Азия жаштарынын тышка агымын арбыткандан арбытат.

Ошол эле учурда тышка миграция Орусия менен чектелбейт, Европа, Азия, Америкага кеткендер улам көбөйүүдө.

Жашоо мейкиндиги үчүн күрөш

Ошентип Борбор Азияда, анын ичинде Фергана өрөөнүндө калктын саны абдан өсөт экен. Бул эмнеге алып келет. Суу ресурстарына, азык-түлүккө тартыштык жаралат. Биздин региондо суунун тартыштыгы критикалык деңгээлден төмөн абалга жакындап калганы да анык. Тактап айтканда, жан башына суу 8,4 миң метр кубдан 1,4 миң метр кубга кыскарат. Эл аралык норма боюнча 1,7 кубометр кооптуу чек деп эсептелинет.

Жашоо мейкиндиги үчүн күрөш күчөйт. Атаандаштык курчуйт. Сапаттуу эл гана утат, абалкы мыйзам ушу. Алдыбызда атаандаштыкка жөндөмдүү, билимдүү муунду тарбиялоо милдети туру. Ушунча адамды багыш керек, алар суу ичиш керек. Талаш чыгат. Ар жылы дыйкандар жаз, жай айларында сугат суу талашып, чыр-чатактар болот. Мурда кетмен көтөрсө, эми курал менен чыккан учурлар да пайда болду. 2021-жылдагы кыргыз-тажик жаңжалы буга күбө.

Бизде сууга ээлик кылуу саясаты иштелип чыга элек. Сугат суусуна тариф тээ 1990-жылдагы бойдон, текейден арзан, жез тыйын. Өзүбүз барктабасак, баасын билбесек, наркы чыкпайт, кунарсыз оокат, талаштын анабашы, байлык эмес, улам бир президенттин башын жуткан, элге кенедей пайдасы жок алтын сыяктуу эле чырга айланат. Суунун тартыштыгы чоң проблемадан куралдуу жаңжалга айланышы толук ыктымал экенин тарых тастыктап келет. Анан кашайып сырт мамлекеттер кийлигише баштайт, ансыз деле араң турушат. Суу-энергетикалык ресурстарды жөнгө салуу, инфраструктурасын жакшыртуу, оптималдаштыруу маселеси чечиле элек. Борбор Азиядагы суу-энергетикалык инфраструктураны жакшыртууга эле 90 млрд. инвестиция талап кылынат. Он жыл оңдоп, кура турган болсок да ар жылы 9 млрд доллар талап кылынат (Branchoux et al., 2018). Мынча инвестицияны не Кыргызстан, не башкалары жалгыздап көтөрө албайт.

Демек, гидроэнергетикалык инфраструктурабызды куруп, суу мамилебизди тактап, бекем саясат жүргүзбөсөк оңолушубуз күмөн.

Ошол эле учурда, ошончо эл кенен рынок. Чоң мүмкүнчүлүк. Океанга чыкпагандын айынан куурадык, деңизге чыксак эле кыйратат элек деп улам бир шылтоо издебей, ушу турган Анжиян облусуна эле товар, кызмат экспорттоп алганга чамабыз жетсе гана. Кытай деген чексиз мухит турат. Бир кенедей шаарынын калкына азык-түлүк экспорттоп камсыз кылып жетише албайбыз. Территориясы биздикинен чакан Нидерланды, Израил ж.б. калкы аз ондогон мамлекеттер Европа, Азияга айыл чарба продукцияларын экспорттогон, экономикасы кубаттуу мамлекеттер. Мындай мисалдар арбын.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Экинчиден, эл каттоодо эске ала турган олуттуу маселе – бул Кыргызстандагы түрк тилдүү элдерди өзбек кылып каттоо терс адатынан кутулуу зарыл. Акылы чолоктук кылып, а балким башка себептерден улам “мен кыпчакмын, мен ногоймун, мен түркмүн” деп маңдайыбызда какшап турса да жок дегенде кыргыз кылып жазганды койдум, өз этносун жазбастан, өзбек кылып каттап келдик буга чейин эки ирет. Бул маселени ойдон чыгарган жокмун. СССР учурунда улуттарды өз атынан же өңгөлөрдүн атынан каттоо эмнеге алып келээрин жогоруда баяндадык. Башка көйгөй бүтүп калгансып, эми санактан жаңылбайлы. Эми да бул ирет чабалдык же бейжоопкер, сокурлук кылсак, эртең демографиялык кургак статистика курч саясий проблемага айланат, кусаматы арбын түркүн оюнчулардын күнү тууйт. Буга тарых күбө.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG