Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Өзбекстанда орустар азайып, кыргыз, тажик көбөйдү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өзбекстандын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында соңку 32 жыл ичинде өлкөдөн 1 миллионго чукул орус улутундагы жарандар чыгып кеткен. Ал эми этникалык тажиктердин жана кыргыздардын саны дээрлик эки эсе өскөн.

Өзбекстанда эгемендик алгандан берки эң алгачкы эл каттоо 2023-жылы өтөт. Ага чейин расмий Ташкент сыноо иретинде быйыл ноябрь айында бир нече райондо эл каттоо уюштурууну белгилеген.

Ага чейин Мамлекеттик статистика комитетинин быйыл жыл башына карата эсеби боюнча, Өзбекстандын жалпы калкынын саны 34,6 миллионду түздү. Салыштыра кетсек, 1989-жылы өлкөнүн калкы 20 миллионго чукул болчу. Андагы эң ири этникалык топтор – өзбектер, тажиктер, казактар, каракалпактар, орустар жана кыргыздар болгон.

Ушул эле маалыматка ылайык, 32 жылдын ичинде, же 1989-2021-жылдар аралыгында Өзбекстандан 1 миллионго чукул орус улутундагы жарандар башка жактарга көчүп кеткен. Калыстык үчүн кошумчалай кетели, Кыргызстанда эгемендик алгандан бери орус улутундагылардын саны үч эсеге жакын азайды.

Өзбекстанда быйыл жыл башына карата орус калкынын саны 720 миңди түздү, 1989-жылы бул көрсөткүч 1 млн. 653 миңден ашуун киши болчу.

Анткен менен Өзбекстанда орус тилине этностор аралык баарлашуу тили макамын берүү маселеси президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери көтөрүлүп келет.

Тактап айтканда, 2019 -жылы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алдында орус интеллигенциясынын 20га жакын өкүлү орус тилине расмий макам берүү сунушу менен чыгышкан. Сунуш өзбек коомчулугу тарабынан терс кабыл алынгандан кийин алардын айрымдары сунуштан кайра баш тарткан.

Ташкендеги бала бакча. Өзбекстанда 32 жылда калктын саны эки эсеге чукул өстү.
Ташкендеги бала бакча. Өзбекстанда 32 жылда калктын саны эки эсеге чукул өстү.

Былтыр 25-апрелде Өзбекстандын Юстиция министрлиги мамлекеттик иш кагаздарын өзбек тилинде жүргүзбөгөн тараптарды айыпка жыгууну камтыган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Талкууга чыккан долбоор Москванын да көңүлүн дароо өзүнө бурду. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзбек элинин көбү ал мыйзамды колдобойт, орус тилин колдойт деген мааниде комментарий берген.

"Өзбекстанда каралып жаткан мыйзам долбооруна биз да көңүл бурдук. Бирок коомдук пикирге байкоо салганыбызда өзбек элинин көбү турмушта орус тилинин кеңири колдонулушун жактаганы байкалат", - деген Захарова.

Мария Захарова.
Мария Захарова.

Ташкент Москванын мындай билдирүүсүнө дароо реакция жасап, Өзбекстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрүнө «эне тилинде окууга, ал тилде билим алууга жана мамлекеттик органдарга кайрылууга эч кандай тоскоолдук жоктугуна кепилдик берилерин» билдирди.

Өзбекстандын тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө «мамлекеттик тил тармагын көзөмөлдөөгө байланышкан маселелер өлкөнүн ички саясатынын өзгөчө укугу болуп эсептелет жана ага сырттан кийлигишүүгө жол берилбейт» деп айтылат.

Ал арада өлкөдөгү алдын ала сурамжылоого ылайык, Өзбекстанда жашаган этникалык тажиктердин саны 32 жылда эки эсеге жакын көбөйгөн. 1989-жылы алар 933 миңдин тегерегинде болсо, 2021-жылга карата 1,7 миллиондон ашты.

Бул өлкөдө жашаган калктын санынын өсүшү боюнча кыргыздар экинчи орунду ээледи. 1989-жылы Өзбекстандагы кыргыздардын саны 175 миңдей болсо, расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Өзбекстанда 300 миңге чукул этникалык кыргыз бар. Өткөн кылымдын 60-жылдарында негизделген Манас айылында 6500дөй адам жашайт. Өзбекстанда жалаң кыргызча окуткан 14 мектеп, Анжиян мамлекеттик университетинде кыргыз тил кафедрасы бар.

Ал эми Борбор Азиядан Орусияга жер которгон жергиликтүү орустар жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Орустар негизи Казакстан менен Өзбекстандан кетип жатса, 2017-жылдан тартып бул көрүнүш Түркмөнстанда да байкала баштаган.

2014-жылы расмий Москва орус тили эне тили болгон КМШ жарандары үчүн орус паспортун алуунун жолдорун жеңилдеткен эле. Бирок иш жүзүндө бул кыйла татаал жол-жобо экени айтылып келүүдө.

Ошол эле учурда Борбор Азиядан Орусияга иш издеп барган эмгек мигранттарынын арасында өзбекстандыктар саны жагынан биринчи орунда. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын эсебине ылайык, өлкөдө ушу тапта 2 миллиондой өзбекстандык жашап эмгектенет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG