Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Орусиялык компаниялар Түркияга кете баштады


Түркия эл аралык чектөөлөргө кошулбай, орус-украин урушунда арачы болуу аракетинде. Анкаранын бул позициясынан улам соңку бир айда миңдей орусиялык компания өз капиталын Түркияга чыгарып кетти.

Андан башка IT, банк тармагындагы миңдеген адистер түрк жергесине агылып жатат. Бул өлкөдө кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүктөрдүн сап башында орусиялыктар болууда.

Шаршембиде Орус-түрк ишкерлер коомунун расмий сайтына Украинадагы согуштан улам эки өлкөнүн экономикалык көйгөйүн чагылдырган макала жарыяланды.

Анда коомдун башкаруу кеңешинин төрагасы Сабахаттин Явуз соңку кырдаалдан улам орусиялык ишкерлердин Түркияга кызыгып, көчүп келген себептерин санаган.

"Мунун эки себеби бар, учурда Түркия Орусия ортосунда учак каттамдары үзгүктүккө учурабаганы үчүн жарандар тоскоолдуксуз учуп жатышат. Экинчиден, Түркия БУУнун санкцияларынан башка санкцияларды тааныбайт. Айрыкча Батыш өлкөлөрү менен иш жүргүзгөн орусиялык чоң фирмалардын дээрлик көпчүлүгү кеңселеринин бир бөлүгүн Түркияга көчүрдү. Бул жерде IT - сектору маанилүү бир технологиялык инвестиция. Алардын көбү АКШ же Европа менен иш жүргүзгөндүктөн, орус фирмалардын Түркияга жаңы инвестиция салышы күтүлүүдө".

Явуздун айтымында, учурда орус капиталынын гана эмес, билимдүү адистердин да көчү башталып, өзгөчө компьютердик программаларды түзүүчүлөр менен банк тармагындагы IT системаларды тейлеген адистердин негизги катмары Түркияны көздөй "агылып жатат".

"Түркияга агылган орус капиталы"

Түрк-орус ишкерлер кеңешинин (DEIK) жетекчиси Иззет Экмекчибаши Блумберг телеканалына курган маегинде Түркияда соңку айларда жалаң орус капиталы менен миңге жакын фирма ачылганын айтты.

Ал буга Европа Биримдигинин Орусияга каршы каржылык санкциялары чоң себеп болгон дейт.

Экмекчибаши Анкара-Москва ортосунда жергиликтүү валюта менен соода кылуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын кошумчалады.

"Орусия менен Түркиянын ортосунда буга чейин жергиликтүү валюталар менен соода болуп келген, бирок көрсөткүч абдан төмөн эле. Бул жерде көлөмдүн көбөйүшү үчүн эки өлкө өз ара кепилдик бериши керек. Учурда бул маселенин үстүндө эки өлкө тең иштеп жатат. Эгерде эки тарап бири-бирине 5 миллиард доллардык соода кепилдиги берсе, анда биз 5 миллиард долларлык товарды лира менен Орусияга экспорттоого даярбыз” .

Орусияда Түркиянын "Вакыфбанк", "Зираат банк" жана "Иш банкасы" банктарынын кеңселери бар.

"Аккую" атомдук электр станциясынын курулушу. Мерсин шаары.
"Аккую" атомдук электр станциясынын курулушу. Мерсин шаары.

Түркияда орус инвестициясына "Аккую" атомдук электр станциясы курулуп жатат. 20 миллиард долларга бааланган АЭСтин ачылышы 2023-жылга пландалган. Бирок Орусияга салынган санкциялардан улам "Аккуюнун" курулушу узакка созулушу мүмкүн деген божомолдор да бар.

Ал арада Түркиянын Статистика комитети февраль айында Анталия аймагында 4727 турак үй сатылганын маалымдады. Алардын төрттөн бирин орусиялык жана украин жарандары алганы белгилүү болду. Өзгөчө Анталия, Алания сыяктуу туристтик аймактарда ижара акысы 5-6 эсе өскөн, ал эми чет өлкөлүктөргө сатылган үйлөрдүн баасы соңку бир айда кескин кымбаттаган.

Түркияда 2018-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, 250 миң долларга кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүккө түрк жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк берилет. Мындан арзаныраак батир сатып алгандар туруктуу жашоого уруксат визасын алууга укуктуу.

Түркиянын Статистика комитетинин февраль айында чыгарган маалыматына ылайык, Орусиядан 112 миңден ашуун киши келген. Серепчилердин айтымында, март айында бул сан эки эсе көбөйгөн.

"Быйыл Анталияга орус турист барабы?"

Анталья шаарынын бийлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, 2022-жылдын биринчи үч айында учак менен келген туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 93% өскөн. Башкача айтканда, Германия, Орусия жана Британиядан 500 миңден ашык турист келген.

2021-жылы Түркияга эң көп турист келген беш өлкөнүн ичинен Орусия биринчи, Украина үчүнчү орунга чыккан. Украинадагы согуштун илеби Түркиядагы туризм секторуна чоң сокку урары айтылууда.

Түркиянын туристтик Каш аймагы.
Түркиянын туристтик Каш аймагы.

Түркиядагы туристтик агенттиктер ассоциациясынын (TÜRSAB) мүчөсү Толга Генжер ай башында “Америка добушу” радиосуна курган маегинде Орусиядан Түркияга барган туристтердин саны азайбаганын, бирок согуш токтобосо, жайында кырдаал оор болорун эскертти.

"Азыр Орусияда жайкы резервациялар уланууда. Бирок туроператорлор акыркы бир аптадан бери жаңы резервацияларды ала элек. Бул согуш канчага созуларына байланыштуу. Бул ирет орус туристтердин Анталияга келишин божомолдоо өтө кыйын" , - дейт Генжер.

"Абрамовичтин яхталары Түркияда"

Украинада согуш башталгандан бер Анкара эки жолу украин-орус делегацияларынын сүйлөшүүсүн өткөрдү. Тараптар Анталияда жана Стамбулда өткөн жыйындарда көзгө басарлык ымала курбаганы менен, түрк бийлиги согуштун тез арада бүтүшүнө өтө кызыкдар экенин билдирди.

29-мартта Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө орусиялык миллиардер Роман Абрамович катышты. Жергиликтүү басылмалар сүйлөшүү алдында Абрамович түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бетме-бет баарлашканын жазып чыкты.

Роман Абрамович башында орусиялык башка олигархтар менен кошо санкцияга илинери айтылып, бирок марттын ортосунда Украинанын президенти Зеленскийдин суранычы менен Батыштын "кара тизмесине" кирген эмес. Зеленский ага чейин Байден менен сүйлөшүп, орусиялык олигарх согушту токтотуу үчүн ортомчу болуп берерин айтканы кабарланган.

Андан мурун Абрамовичке таандык көз жоосун алган эки супер яхта Түркиянын Бодрум аймагына келип токтогон. Алардын бири дүйнөдөгү эң чоң яхталардын тизмесинде үчүнчү орунда турган, тик учак конуп-уча турган аянтчасы, бассейни, бөлмөлөрү, кайыктары жана спорт залы да бар Eclipse экени айтылат.

Абрамовичке таандык дагы бир супер яхта Түркияга 22-мартта сүзүп келди. 430 миллион стерлинг (561 млн. доллар) турган Мy Solaris деген кеме былтыр Германияда чыгарылган, дүйнөдөгү эң чоң яхталардын катарына кирет.

Баасы асман чапчыган бул эки яхта түркиялыктардын чоң кызыгуусун жаратып, жергиликтүү серепчилер орус олигархынын байлыгынан улам Түркия Батыштын санкцияларына кабылып калабы деп чочулап жаткан убагы.

Ошондой эле ушул апта түркиялык басылмалар Роман Абрамович Түркиянын "Гөзтепеспор" футбол клубун сатып алууга бел байлаганын жазып чыккан. Бирок кийин клубдун жетекчилиги муну четке какты.

Муну менен катар Түркия Украинада согуш башталган күндөн тарта тилектештик көрсөтүп, гуманитардык жардам жөнөтүп келет. Учурда Киев аэрпортунда эки түрк карго учагы токтоп турганы, аба мейкиндиги ачылса, бул учактар гуманитардык жардам крөсөтүүнү улантары кабарланды.

5-апрелде Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Мариуполдо жараат алган түрк жарандары бар экенин, алардын жана жергиликтүүлөрдүн деңиз аркылуу чыгарылышына орус жана украин бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

"Орус жана украин бийликтери менен координациялык ишибизди улантып жатабыз, кыска убакыт ичинде бул маселе боюнча жылыштарды күтөбүз жана үмүттөнөбүз", - деп жазды Твиттерге.

Ал эми 6-апрелде Түркиянын Киевдеги элчилиги кадимки тартипте иштөөгө өткөнүн жарыялады. Ал эми ушул күнгө чейин Украинадан Түркияга 17 миңдей түрк жараны эвакуацияланганы белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG