Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Киев менен Москванын сүйлөшүүсү онлайн форматта уланууда


Украин делегациясы Стамбулдагы сүйлөшүүдө, 29-март 2022-жыл.
Украин делегациясы Стамбулдагы сүйлөшүүдө, 29-март 2022-жыл.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 1-апрелде видео конференция форматында уланды. Бул тууралуу орус делегациясынын жетекчиси, президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Владимир Мединский Телеграм аркылуу билдирди.

"Крым жана Донбасс боюнча биздин позицияларыбыз өзгөргөн жок", - деди ал.

Бул сүйлөшүүлөрдүн алдында украин делегациясынын мүчөсү, парламенттеги “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия Түркия менен Германия Киев менен Москванын ортосундагы болочок келишимге кепилдик берүүчү өлкө болууга даяр экенин айткан.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын соңку бетме-бет сүйлөшүүсү 29-мартта Стамбул шаарында өткөн. Киев бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса, эч кандай аскердик биримдиктерге мүчө болбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгилеген.

Ошондой эле Украина Москва 2014-жылы аннексиялаган Крым жарым аралынын макамын аныктоо үчүн 15 жылдык консультациялык мөөнөттү да сунуш кылган.

30-мартта Кремл Украинанын өз сунуштарын бергенин оң фактор катары баалаганы менен Стамбулдагы олуттуу жылыш болбогонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG