Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

USAID кулчулукка кабылган кыргыз жарандарына жардам берүү долбоорун баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) адам сатуунун курмандыгы болгон кыргызстандыктарга жардам берүү боюнча долбоор баштады. Oasis Kyrgyzstan уюму менен бирге ишке ашырыла турган эки жылдык атайын долбоор алкагында аларга гуманитардык, юридикалык, психологиялык жана медициналык колдоо көрсөтүлөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 1-апрелде маалымдагандай, кулчулук курмандыгы болгондордун билим алуусуна, баш калкалоосуна, жумушка орношуусуна жардам берилет.

Жардамга муктаждар алар менен тыгыз иштешкен кризистик борборлор, бейөкмөт уюмдар жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу аныкталат. Бул үчүн аталган мекеме-уюмдардын кызматкерлери атайын окуудан өтөт.

Жыл сайын миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет өлкөлөргө кетет. Алардын арасында алданып, жумуштан да, акчадан да жок, кулчулукка кабылгандары бар экенин укук коргоочулар айтып келет.

Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу Кыргызстанда 290дой факт катталганын 31-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Улукбек Балагазыев билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG