Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Бишкек: таштанды жайга бөлүнгөн акчадан улам төрт кылмыш иши козголгон


Бишкектин таштанды жайы өтө оор абалда.
Бишкектин таштанды жайы өтө оор абалда.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектеги таштанды полигонун рекультивация кылуу жана таштанды иштеткен завод куруу долбооруна байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Бул тууралуу 1-апрелде Бишкектин прокурорунун орун басары Авазбек Каримов билдирди.

“2018-жылы, 2021-жылы жана быйыл козголгон кылмыш иштери бар. 2018-жылы козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап сотко жөнөтүлгөн. Дагы бир кылмыш ишинин алкагында бир адамга айыбы угузулуп издөө жарыяланды. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн анын атын атай албайм. Дагы эки кылмыш иши тергелип жатат”, - деди Каримов.

Айрым маалымат агенттиктери издөөдө жүргөн адам Бишкек санитардык полигонунун мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев экенин жазып жатышат.

Жогорку Кеңеште бир мандаттуу шайлоо округдарынын шайланып келген депутаттардын “Элдик” тобунун 1-апрелдеги көчмө жыйыны Бишкектеги таштанды полигонунда өттү.

Буга чейин Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнөрү, анын теңи насыя түрүндө берилери кабарланган. Таштанды полигонун жөнгө салуу долбоорун эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алганы айтылган.

Февраль айында ошол кездеги шаар мэри Айбек Жунушалиев бул каражаттын 10,5 миллиону коротулганы менен эч кандай иш жасалбаганын айткан.

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.

Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG