Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Украин күчтөрү Черниговдун четиндеги кыштактарга көзөмөлүн орнотту


Киевдин четиндеги украин күчтөрү, 31-март 2022-жыл.
Киевдин четиндеги украин күчтөрү, 31-март 2022-жыл.

Украин күчтөрү Чернигов шарынын түштүк жагындагы Слобода жана Лукашовка кыштактарына кайра көзөмөлүн орнотту. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы 1-апрелде Твиттер аркылуу билдирди. Маалыматка ылайык, бул кыштактар Чернигов менен Киев шаарын байланыштырган жолдун боюнда жайгашкан.

"Украина Киевдин чыгышында жана түндүк-чыгышында ийгиликтүү, бирок чектелген контр чабуулдарын улантууда. Орусиялыктардын бул аймактарда ишмердигин азайтарын билдиргенине карабастан, Чернигов да, Киев да аба жана ракета соккуларына кабылып жатат", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Орусиянын армиясы Украинанын түндүк аймактарындагы аскердик операциясын басаңдата турганын 29-мартта Стамбулда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунан кийин жарыялаган. Делегация өкүлдөрү бул сүйлөшүүдө жылыш байкалганын ишарат кылган. 30-мартта Кремл Украинанын өз сунуштарын бергенин оң фактор катары баалаганы менен Стамбулдагы сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди.

Бир күн мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия өз күчтөрүн артка кайтарбаганын, анын ордуна аскердик бөлүктөрдүн ордун гана которуп жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG