Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

COVID-19: бир бейтап каза болду, оору дагы 11 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 1-апрелге карата 200 946 адамды түздү. Оорудан жалпысынан 2989 бейтап көз жумду.

Ушул тушта ооруканаларда жаткан 86 адам жатат, алардын арасында алты бейтаптын абалы өтө оор, дагы 30 киши оор абалда. Үйлөрүндө 60тан ашык адам дарыланууда.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG