Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Кумаркана: талаштуу мыйзам коомдук талкууга чыкты


Иллюстрация.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда кумарканаларды ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Өкмөт муну менен туризмди жандандырып, казынаны байытууну көздөп жатканын айтып, мыйзам долбоорунун талабына ылайык, казинолорго Кыргызстандын жарандары киргизилбейт деп ишендирип жатат.

Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга койгон мыйзам долбоорунда кумарканаларды жергиликтүү жана чет өлкөлүк юридикалык тараптар ача алары жазылган. Ага Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Аткаруу бийлиги муну менен өлкө казынасын байытып, инвестиция тартууга жол ачыларынан үмүттөнүп жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

"Биз жакшы жагын карап жатабыз. Ошол эле Арменияга, Казакстанга жана бизге Орусиядан IT-адистери келип иштейбиз деп жатышат. Аларга виза берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүп, фирмасын үч саатын ичинде ача тургандай шарт түзүп, ушундай тармактарды баарын карап келе жатабыз. Кумарканаларда кыргызстандыктар ойнобойт. Эгерде бир кыргызстандык кирип ойной турган болсо, ошол кумаркананын лицензиясы алынат. Малайзияда дагы кумаркана бар. Ал ислам өлкөсү болуп эсептелет. 2001-жылы кумарканалардан 630 миллион сом түшкөн, бул жолу мындан эки-үч эсе каражат көп түшөт деп жатабыз”, -деди Жапаров.

Буга чейинки аракеттер

Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусуна кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, кызуу талкуудан кийин артка кайтарып алган.

Долбоор бул жолу толукталып, бир канча өзгөрүүлөр менен сунушталды. Маселен, кумарканаларга Кыргызстандын жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынып, 21 жаштан өткөн чет элдиктер гана кире алат. Эгер коюлган талаптар аткарылбаса, ишкананын лицензиясын кайтарып алуу жолдору каралган.

Ага карабай, бул мыйзамдын ишке ашуусу менен кумар оюндарына азгырылгандар көп болуп, үй-бүлөлөрдүн тагдыры талкаланат деп тынчсыздангандар да болууда. Кумарканалардан жапа чеккендерди изилдеп, алардын иштешине каршы чыккан Айнура Алиева бийлик бюджеттин кирешесин ойлогону менен үй-бүлө институтун унутуп жатканын белгиледи.

“Мурда казинолор иштеп турганда эл көп азап чегип, көптөгөн аракеттер менен алардын үнү бийликке жетип, араң жабылган болчу да. Бул жайлардан канчалаган тагдырлар талкаланды, үй-бүлөлөр бузулду. Канча адамдан айрылдык. Эми ошол тагдырлардан кайра акча жасайбыз дегени такыр түшүнүксүз. Алгач бул жерге кирген акчанын булагына анализ жасашса болмок. Бир жерден уурдалган, тонолгон, мыйзамсыз жолдор менен келген акча айланат. Үйүндөгү мал-мүлкүн же үйүн жакындарына билдирбей сатып келген акча. Башка өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатканын айтып жатышат. Биздин өлкөдө көзөмөл, мыйзам так аткарылат деп айтыш кыйын. Демек, ал эрежелердин сакталышы да күмөн”.

Кумарканаларды ачуунун зарылдыгы барбы?

Кыргызстанда кумарканаларга мындан 2012-жылы мыйзам менен тыюу салынган. Ал кезде Кыргызстандагы казинолор арам акчаны адалдап жатат деген маселе көтөрүлүп, коомчулуктун басымы менен токтотулган болчу.

Анын алдынан кумарканаларды жабуу боюнча бир катар атайын акциялар өтүп, жабыркагандардын саны көп экени айтылган. Ошол эле учурда бул жайларды жабууга каршы акциялар да өткөн.

2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин ишине да тыюу салынган. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылган.

“Эми бул маселеде эки ача пикир болуп жатат. Экономикалык жагынан карагандар мунун оң жагын айтууда. Пандемиядан кийинки экономикалык абал, дүйнөдөгү азыркы абалды ойлогондо, бул зарыл деп жатышат. Министрлер кабинети ушундай кырдаалда экономикалык абалды оңдоо жолдорун карап, сунуштап жатат. Кумарканаларды жабууга эмне себеп болду эле? Ошол учурда VI чакырылыштын депутаты катары бизге бир топ жарандарыбыз, энелер ыйлап кайрылышкан. Ошол энелердин, келин-кыздардын көз жашын унута элекмин. Башка кесиптештерим кандай пикирде экенине айталбайм. Бирок мен каршымын”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек да кумарканаларды иштетүүдө катаал эрежелер кабыл алынганы менен, анын толук аткарылышынан күмөн санайт. Ал бюджетти башка багыт менен толтурууну сунуш кылды.

"Биз бул жолду көргөнбүз, биринчи жолу казино иштетели деп жаткан жокпуз. Эл аралык коомчулук да Кыргызстандагы казинолор маңзат соодасынын, криминалдык акча, арам акча адалдануучу жайга айланып калды деп басым кылган. Бул жайлар кылмыштын очогуна айланып жатат деп өкмөт 2012-жылы жапкан болчу. Анда да чоң каршылык болгон. Казино деген өнүккөн өлкөлөрдө мыйзамдык талаптарды жакшы сактап, экономикалык субьект катары иштеп турат. Бизде болсо иштегени чоң тобокелчилик жаратат. Анткени бизде мыйзамдар, эрежелер так сакталат деп айтыш кыйын. Эгер андай болбосо кайра эле баягыдай абалга түшүп, акча адалдаган, арам акча айланган, криминал көзөмөлдөгөн, кылмыштуу жайга аланбайт деп ким кепил боло алат? Казынаны толтуруунун башка жолдору өтө эле көп. Эмне үчүн туризмден тапсак болбосун? IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөр, эл аралык аба хаб. Изденсе толтура жолдор бар. Анан казино аркылуу гана казына толтурабыз дегени болбойт”.

Биз кумарканалар боюнча айрым жарандардын пикирин уктук.

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Дилмурат Рахманов ансыз да жабылды делгени менен толук ишеничсиз болуп жактан кумарканаларды кайра ачууга нааразы.

“Биз кумарканалардын кайра иштөөсүнө кызыктар болгондордун депутаттыкка чейин жеткенин көрүп жатабыз. Эми болсо өкмөт бул демилгени көтөрүп жатат. Кумарканадан табылган каражатты адал акча деп айтканга болбойт. Арам десе болот. Канча аракет менен араң жабылган эле. Бирок көмүскөдө мыйзамсыз иштеп жаткандары дале бар деген кептер бар. Бизге казинолордун кереги жок”.

Коомдо казинолорго каршы болгондор менен бирге эле анын ачылышын колдогондор да чыгат. Алардын бири Алмазбек аттуу жеке ишкер:

Мен бул демилгени колдойм. Өлкөнүн бюджети азыркы абалда турганда бир топ эле колдоо болмок. Анын эмнеси жаман? Башка өлкөлөрдө иштеп эле жатат. Салык түшөт. Анан кыргызстандыктар киргенге болбойт экен. Четтен келген каражатты максаттуу пайдаланып, социалдык обьектилерди куруп, көйгөйлөрүбүздү чечип алмакпыз. Жөн эле бул бизге болбойт деген туура эмес”.

Өкмөт бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштап жатат.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдорун билдирип, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG