Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Акылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачууну жактады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди. Ал 29-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттик казынаны толтуруу максатында сунушталып жатканын айтты.

"Биз жакшы жагын карап жатабыз. Ошол эле Арменияга, Казакстанга жана бизге Орусиядан айтишниктер келип иштейбиз деп жатат. Аларга виза берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүп, фирмасын үч саатын ичинде ачкандай шарт түзүп, ушундай тармактарды баарын карап келе жатабыз. Бүгүнкү күндө Ош шаарына келген конокторго биздин меймандос экенибиз аябай жагып жатыптыр. Биз алардын баарына шарт түзүп беребиз. Кумарканаларда кыргызстандыктар ойнобойт. Эгерде бир кыргызстандык кирип ойной турган болсо ошол кумаркананын лицензиясы алынат. Малайзияда дагы кумаркана бар. Ал ислам өлкөсү болуп эсептелет. 2001-жылы кумарканалардан 630 миллион сом түшкөн, бул жолу мындан эки-үч эсе каражат көп түшөт деп жатабыз”, -деди Жапаров.

Мунун алдында Экономика жана коммерция министрлиги кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Анда кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат деген жобо жазылган.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров кумарканалар жабылган жылдары миллиарддаган сом бюджетке түшпөй калганын, бюджетти толтуруу үчүн кайра ачыш керектигин билдирген. Мындай жайларды Ысык-Көлдө гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG