Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Түркияда Украина менен Орусиянын бетме-бет сүйлөшүүлөрү башталат


Украинадагы экинчи айга аяк баскан согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери өтүп жатканы менен андан толук жыйынтык чыга элек.
Украинадагы экинчи айга аяк баскан согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери өтүп жатканы менен андан толук жыйынтык чыга элек.

Стамбулга эки өлкөнүн расмий делегацияларынын өкүлдөрү келди жана бетме-бет сүйлөшүүлөр шейшембиде Долмабахче сарайында башталат.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба аны утурлай жергиликтүү медиаларга берген комментарийинде сүйлөшүүлөрдүн негизги максат оболу “гуманитардык маселелерди чечүү” болорун, “ок атышууну токтотуу, бул багытта туруктуу макулдашууга жетишүү экенин” билдирген.

Financial Times басылмасы төрт маалымат булагына шилтеме кылып бул сүйлөшүүлөрдө Орусия Украинаны денацификациялоо, демилитаризациялоо жана орус тилин коргоо өңдүү талаптарынан баш тартканын жазды.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Украина өзүнүн коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айткан.

Кремль сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бир апта мурда Зеленский CNN телеканалы менен маегинде орус президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталаган. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн президенттери жолугардан мурда делегациялардын тынчтык сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш болушу керек экенин белгилеген.

Украинадагы экинчи айга аяк баскан согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери өтүп жатканы менен андан толук жыйынтык чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG