Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Журналисттин күтүүсүз өлүмү, блогердин камалышы


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Баткен облустук милициясы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер Батмакан Жолболдуева кармалганын билдирди. Блогердин жакындары ага жалаа жабылганын айтып, мында бийлик өкүлдөрүнүн да кызыкчылыгы бар деп эсептейт. Медиакоомчулук бул окуядан улам блогерлер өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керектигин эскертти. Эксперттер журналист менен блогер кызыкчылыгы кайчылашкан тараптардын курмандыгы болуп калганын айтышууда.

Журналисттин күтүүсүз өлүмү

Милициянын маалыматына караганда, журналист Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү күндүз милицияга кайрылып, аны ”Батма-бат” Youtube каналынын автору Батмакан Жолболдуева каралап жатканын айтып арыз жазган. Бирок ал ошол эле күнү өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылып, каза болуп калган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова Арзыгүл Галымбетованын жазып кеткен арызынын негизинде кылмыш иши козголгонун "Азаттыкка" билдирди:

“Ошол эле күнү, тактап айтканда 25-мартта арыздануучу чыр-чатактан соң, саламаттыгы начарлап саат 20.00 чамасында ооруканага кайрылган. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай, ошол эле түнү каза болуп калган. Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну, Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди”.

Галымбетова каза болордон бир күн мурда блогер Батмакан Жолболдуева интернеттеги баракчаларындагы видеолорунда, постторунда анын аброюна акаарат келтирген сөздөрдү айтканын, андыктан аны сотко берүүнү чечкенин, бирок жакындары кечирим сурагандыктан, арыз жазуудан убактылуу баш тартканын Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Маркум Арзыгүл Галымбетова.
Маркум Арзыгүл Галымбетова.

Облустук милиция маркум 25-мартта арыз менен кайрылганын билдирип чыкты.

Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш ишинин козголушун сындагандар да бар.

Адвокат Максатбек Жорокулов бул берене этиятсыз жагдайлардан улам адам өлүмүнө алып келген учурлар үчүн колдонулушу керектигин айтты.

"Мисалы, медайым бейтапка туура эмес дары куюп алып, же газ түтүгүн туура эмес жасаган жумушчунун айынан жарылуу болуп, адам өмүрү кыйылса же кайсы бир куралдын ичинде ок бар-жогун текшербей туруп, тазалап жатканда мылтык атылып кетип, адам өлүмүнө алып келсе, мына ушулар этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү болуп эсептелет. Бул беренеде адамдын денесине түздөн-түз, физикалык түрдө залака тийип, анын өлүмүнө алып келсе, ошол этиятсыздык кылган адамга же адамдар тобуна ушул берене менен кылмыш иши козголот. Ал эми Баткендеги журналисттин өлүмү боюнча бул беренеге ылайыктап, кылмыш ишин козгоо туура келбей калат".

Камакка алынган блогердин жакындарынын билдирүүсү

Шектүүнүн жакындары Батмакан Жолболдуеваны камоо максатын көздөгөндөр болгонун белгилеп, буга Галымбетованын өлүмү даяр себеп болуп берди дешүүдө. Блогердин бир тууганы Максатали Жолболдуев буларды билдирди.

"Биз каза болгон журналист кыз менен бир айылдан болобуз. Эки кыздын мамилеси деле жакшы болчу. Ага чейин көзү ачык аялды да ортого салып, карындашымды айыптаганга аракет кылышты. Эми минтип анын өлүмүнө айыптап, Батманы камап салышты. Бул аларга керек болчу. Анткени Батма азыр элдин оозунан түшпөй жаткан Бурхановдун (Арзыбек Бурханов, парламенттин мурдагы депутаты) жакындарынын кылган иштерин ачыкка чыгарып, андан тышкары губернатордун, милиция, прокуратуранын адилетсиз иштерин ачык чагылдырып жүргөн. Булардын баары Батмага каршы болуп калышкан".

Жакындарынын айтуусунда, милиция Батма Жолболдуеваны Лейлекте Жаңы-Жер айыл өкмөт башчыларынын сотун чагылдырып жүргөн жеринен кармап кетип, камаган.

Батмакан Жолболдуева. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Батмакан Жолболдуева. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Жолболдуеванын жакындары айыптаган Арзыбек Бурхановдун өзүнө байланыша алган жокпуз. "Азаттык" алардын пикирин да угуп, микрофон сунууга даяр.

Батма Жолболдуеванын эки кызы бар, бири 2-класста, улуусу 4-класста окуйт. Кесиби - фармацевт. Медициналык кызматкер Орусияда мигрант болуп иштеп жүрүп, мекенине келген соң былтыртан бери эркин блогер болуп иштеп жүргөн.

Өткөн айда Жолболдуева президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Ураимов дооматтарды четке кагып, Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирген.

Блогерлерге карата сын

Батма Жолболдуева кармалгандан кийин блогерлердин маалыматты берүү этикасынын төмөндүгү, журналистикадагы адамдын абийирине, жеке жашоосуна тийишпөө сыяктуу талаптардын сакталбаганы өзгөчө сынга алынууда.

Сөз эркиндиги боюнча эксперт Данияр Садиев Батма Жолболдуеванын камакка алынышына да блогерлердин кесиптик деңгээлинин таасири болду деген ойдо.

Данияр Садиев
Данияр Садиев

"Сөз эркиндиги болгону менен анын жоопкерчилиги да бар. Айрым блогерлер ошону унутуп, этибар албай жатышат. Тилекке каршы, бул акыркы убактагы Баткенде журналисттин өлүмүнө да блогерди айыптап, "ошол эле кылды, ошол эле жеткирди" деп айыптоого негиз түзүп койду. Колунда телефону бар адам эле маалымат таратууга киришкени менен, анын жоопкерчилигин билбей, эске албай, аны жөн гана курал катары, акча табуунун жолу катары пайдаланганы - блогерлердин атына көлөкө түшүрүп жатат. Журналистикада Этикалык кодекс жок жерден пайда болгон эмес. Эң өкүнүчтүүсү, мындай блогерлердин арты менен бийлик сөз эркиндигине чектөө киргизип коюусу мүмкүн. Анын кесепетин жакшы контент жасаган блогерлер менен бийликке ыңгайсыз ММКлар тартып, ал эми чектен чыккан блогерлер кайра эле иштей бериши мүмкүн".

Эксперт блогер Жолболдуева менен маркум Галымбетованын чыры медиа коомчулукта блогерлерди да окутуу, алардын да Этикалык кодексин түзүү зарылчылыгы келип чыкканын белгиледи.

Арзыгүл Галымбетова Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач "Манас жаңырыгы" телеканалында, кийин "КТР-Обо" гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана "Турмуш" сайтында (Akipress) эмгектенип келген.

Ал иштеген Баткен облустук телеканалы Арзыгүлдүн өлүмүн терең иликтеп берүүнү өтүнүп, милицияга кайрылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG