Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Ошто журналисттер коркутуу боюнча милицияга кайрылды


T-media басылмасынын эн белгиси
T-media басылмасынын эн белгиси

Ош шаарындагы “Т-Медиа” редакциясы аларга болгон коркутуу боюнча милицияга кайрылды. Журналисттердин айтканына караганда, белгисиз адам телефон чалып, опузалап коркуткан. Медиа эксперттер муну журналисттердин кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатышат. Милиция териштирүү иштерин баштады.

Оштогу «Т-Медиа» редакциясынын башкы продюсери Асанбек Пазыл коркуткан телефон чалуу 19-февралда болгонун «Азаттыкка» билдирди. Бейтааныш ал адам буга чейин иштеп кеткен жетекчилердин ысымдарын атап, басылманын ишин жактырбай турганын айткан.

“19-февраль, саат 15:06 чамасында ишкананын кызматтык телефонуна чалуу келген. Аны биздин кызматкерлердин бири алган. Чалган адам кызматкерлер, жетекчилер тууралуу маалымат сурай баштаган. Биздин кызматкер анын ким экендигин, кандай максатта чалып жаткандыгын сураганда, ал коркута баштаган. “Мен силерди билем. Керек болсо кеңсеңерди өрттөп кетем” деп коркуткан. Биз дароо шаардык милицияга арыз менен кайрылдык. Бирок милиция тарабынан реакция бир аз төмөн болуп жатат. Чалган номур Кыргызстандагы байланыш операторлорунун биринин каттоосунда турган болсо дагы муну эртелетип таап берип, анын жазасын берүү маселеси кечеңдеп жатат”,- дейт Асанбек Пазыл.

Редакция Ош шаардык прокуратурасына жана Ош шаардык милициясына 22-февраль күнү атайын арыз менен кайра кайрылышты.

Арызда алар териштирүү иштерин тездетип, күнөөлүү адамды таап, жазалоону өтүнүшкөн.

Ош шаардык милициясы аталган арыз электрондук журналга катталгандыгын жана териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

“Бизге "Т-Медиа" сайтынын өкүлү келип арыз менен кайрылган. Анда аталган мекеменин кызматкерине 19-февраль күнү белгисиз бирөө чалып коркуткандыгы, кеңсени өрттөп кетүү боюнча опузалоо сөздөрүн айткандыгы кабарланат. Алар чалган адамды таап, жазалоо боюнча кайрылышкан. Бүгүнкү күндө биздин тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берилген. Бул багытта териштирүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү жыйынтык болот деген ойдомун. Эгерде териштирүү учурунда бул фактынын болгону аныктала турган болсо, автоматтык түрдө кылмыш иши козголуп, кийинки териштирүү иштери уланат”, - дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков.

T-MEDIA GROUP компаниясы 2018-жылы негизделген. Алгач ал t-media.kg аталышындагы сайт аркылуу элди маалымат менен камсыздай баштаган. 2019-жылдын 15-февралынан тартып компания TMG бренди менен өзүнүн телеканалын ачкан. Учурда канал Ош жана Жалал-Абад облустарында (жетүүгө кыйын аймактардан тышкары), ошондой эле Өзбекстандын Анжиян облусунда көрсөтүлүп жатат. 30га жакын адам эмгектенген мекемеде атайын иликтөөлөр, фактчек жана башка тексттик жана видео материалдар жасалат.

Медиа эксперт Марат Токоев басылмага болгон коркутууну журналисттерди ооздуктоо максаты катары баалады:

“Акыркы "Т-Медиага" болгон коркутууну азыркы учурдагы ЖМКларга карата өзгөчө иликтөөчү редакцияларга карата болуп жаткан чабуулдун алкагында караш керек деп ойлойм. Бизди өкүндүргөнү ушундай нерселер көп учурда такталып аныкталбай, коркуткан адамдар билинбей калган учурлар көп. Бул нерсе биринчи кезекте журналисттердин өздөрүнө таасирин тийгизет. Журналисттик кесипти аркалаган адамдарда коркуу сезими пайда боло баштайт. Баары эле коркунучту көтөрө албайт. Чындыкты айткысы келбей тайып кеткендер болушу мүмкүн. Бара-бара бул башка журналисттерге дагы таасир этип, чындыкты айтууда коркуу сезими жаралып, өзүн-өзү чектөөгө алып келиши мүмкүн”.

"T-Медиа" редакциясынын журналисттерине бир жыл мурда дагы ушул сыяктуу коркутуулар болгон. Редакциянын кеңсесине белгисиз адамдар чогулуп, журналисттерди туура эмес маалымат таратууга айыптап, жер сатуу боюнча жасалган иликтөөнү чыгарбоону талап кылышкан.

Иликтөөнүн автору Ажибай Пайзидин уулу иликтөө чыгардан мурда жергиликтүү кеңештин депутаты тарабынан да коркутуулар болгонун билдирип, Ош шаардык милициясына арыз менен кайрылган. Бирок тергөөнүн жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз экендигин айтат.

“Негизи иликтөө жасап жүргөн убакта мындай коркутуулар көп эле жолу болгон. Адатка айланып калган. Кадыресе көрүнүш десем дагы болот. Мисал келтирип айта турган болсом аябай эле көп. Биз аларга көңүл бурбай эле өз ишибизди кылып көнүп калганбыз. Бир жолкусунда мен Ош шаардык милициясына барып арыз жазганмын. Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. Эки-үч жолу барып иштин жүрүшү боюнча маалымат сурадым. Ошол боюнча жөн койдум. Алар деле чалган жок. Андан бери бир жыл өттү”.

Быйыл көз карандысыз бир нече медиага атайын чабуул аракеттери болгон. Социалдык тармактарда аларды каралоодон баштап, редакциялардын жанында митинг уюштуруу акциялары да өткөн. Мындай акциялар 9-февралда көз карандысыз, "Кактус медиа" жана “Клооп” басылмаларынын алдында да уюштурулган.

Буга байланыштуу Кыргызстандагы медиа уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги коркунучка кабылды деген тынчсызданууларын билдирген.

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG