Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

ОшТВ шаар бийлигинин колуна өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы ОшТВ телеканалы мэриянын балансына өттү. Мындай чечим 10-февралда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды.

ОшТВ телеканалын мэриянын карамагына өткөрүү сунушун шаардык кеңештин жыйынына биринчи вице-мэр Марс Исаев алып чыкты.

Марс Исаев.
Марс Исаев.

Ал аталган медиа компанияны муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча Министрлер кабинетинин буйругу бар экенин билдирди. Анын айтымында, жакынкы жылдары Мамлекеттик мүлк фонду жоюлуп, ошол себептен анын карамагындагы объектилер ар кайсы мамлекеттик мекемелерге өтүп жатат.

"Ош мэриясы тарабынан мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жакшыртуу максатында ОшТВ телеканалын мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча Министрлер кабинетине кат жолдонгон. Токтом ал жактан колдоо тапкан. Анда "өткөрүлүп берилсин, бирок мыйзам боюнча шаардык кеңештин макулдугу керек" деген жери бар экен", - деди Исаев.

Буга чейин шаардык кеңешке Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдон ОшТВны мэриянын балансына өткөрүү боюнча кат келген. Байсалов аны Мамлекеттик мүлк фонду жоюла турганы менен түшүндүргөн.

Депутаттар мэриянын сунушун талкуулап, телеканал шаар бийлигине өтүп калса жамааттын эркиндиги чектелип, сөз эркиндигине басым болбойбу деген суроо берилди. Вице-мэр Марс Исаев, ОшТВ мамлекеттин саясатын мурда эле колдоп келгенин айтты.

Анткен менен ОшТВнын жамааты каналдын мэриянын карамагына өтүшүнө каршы. Каналдын жетекчиси Марат Акимбек уулу каржылык тобокелдиктер пайда болуп, чыгармачылык эркиндик чектелип калат деп чочулайт. Мэрия менен шаардык кеңеш түз буйрук берип, каналдын контентине да кийлигишүү болушу мүмкүн деген пикирде.

Маратбек Акимбек уулу.
Маратбек Акимбек уулу.

"Ошко саясий амбициясы бар адам мэр болот. Ал телеканалды саясий максатта колдонот. Эгер мэрияга өтүп калса, мэр өзүн пиарлайт. Мындай кооптонуу бар. Мурдагы мэрлер телеканалды жеке менчик катары колдонуп келген да. Бул шаардык кеңеш да, мэр да кетет. Андан кийинки жашоо кандай болот? Жамаат дагы каршы. Себеби, азыр телеканал мамлекеттен бир тыйын сурабайт. Тескерисинче, патент, салык төлөп, бюджетке салым кошот. Мамлекеттин саясатын дагы жүргүзүүгө жардам берип жатабыз", - деди Марат Акимбек уулу.

ОшТВ жергиликтүү телеканалдардын арасында жарнаманы эң көп тапкан мекеме. Көп жылдан бери туруктуу кардарлары бар. Ошонун эсебинен өзүн-өзү каржылайт. Жетекчинин пикиринде, телеканал мэриянын балансына өтсө, жарнама үчүн баа кымбат коюлуп, буюртмачылар башка медиаларга өтүп кетүү коркунучу бар. Бирок Ош мэриясы каржылык жактан көзөмөл болбой турганын айтууда.

10-февралда өткөн Ош шаардык кеңешинин сессиясында көпчүлүк депутаттар ОшТВ телеканалын мэриянын балансына өткөрүүнү жакташты. Жыйынга катышкан депутаттардын 36сы макул, төртөө каршы добуш берди. Ошентип ОшТВ шаардын менчигине өттү.

Депутаттардын бири Эсенбек Арзиев телеканал шаар бийлигинин саясатын колдоп, иштеп бергени жакшы деген пикирин айтты.

"Көп телеканалдар жыл аягында өзүн өзү каржылай албай, өкмөттөн же мүлк фондунан каражат сурайт экен. Бирок, ОшТВ өзүн каржылай алат. Бул телеканал Ошто түптөлгөн. Аны баары билет. Биз эмнеге муниципалдык менчикке албашыбыз керек? Жерин бөлүп бергенбиз. Эми иштеп көрсүн, чыгымын анан көрөбүз. Мэрге ОшТВнын ишине кийгилишпе деген эскертүү берилди. Ош шаарына эмне үчүн телеканал керек? Кээ бир күндөрү таза суу жок болуп калат. Элге керектүү жарыялар, шаардык кеңештин токтомдору чыгат. "Фейсбукту" баары карап отурбайт да".

Анткен менен Оштогу медиа эксперт Данияр Садиев ОшТВны мэрияга эмес, жеке менчикке өткөрүп берүү алда канча туура саясат болмок деп эсептейт.

Данияр Садиев.
Данияр Садиев.

"ОшТВ мэрияга өтсө, аларда бир топ маселе пайда болот. Биринчиси -ТВнын директорун ким дайындайт? Мэрби же шаардык кеңешпи? Анын механизми иштелип чыгыш керек да. Шаардык кеңеш каражат керек болсо бөлүп берүүгө тийиш. Жылдык отчетун мэрия кабыл алат. Каражатын дагы мэрия көзөмөлдөп калат. Буга чейин ОшТВ өз каражатын өзү сарптап келген. Мэрия каражат бөлүп берсе, ОшТВ атайын эсеп аркылуу иштете алабы? Экинчиден, буга чейин ОшТВнын жыштыгы үчүн өкмөт төлөп келген. Анткени телеканал 100% мамлекетке караган. Мамлекет аларга бир нече миллион жыштык үчүн төлөп келген. Азыр эми мэрияга өтсө, анын чыгымын ким төлөйт? Эгер ОшТВ өзү төлөй турган болсо, көйгөй жаралат. Же болбосо мэрия муну шаардык кеңешке киргизип, шаар казынасынан төлөш керек болуп калат".

ОшТВ - республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 1990-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. 2010-жылы Июнь окуясынан кийин ээси алмашып, кыргыз тилинде иштей баштаган. Анын мурдагы ээсине “Ош окуясында улут аралык жаңжалды козуткан деген айып тагылып, сыртынан 20 жылга эркиндигинен” ажыратылып, үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча чечим кабыл алынган. Ошол чечимдин негизинде 2013-жылы мамлекеттик мүлк фондунун балансына өткөн.

Ага чейин 2010-жылы Худайбердиевден Асанбек Абдыгапаров алып Канболот Кошбаевге сатып, андан Орусиянын жараны Максим Кротов сатып алган. 2013-жылы Ош шаардык соту буга чейинки алып-сатуу иштерин мыйзамсыз деп таап, Худайбердиевдин мүлкү конфискацияда экенин негиз кылып, ОшТВны 100% акциясы менен Мамлекеттик мүлк фондунун кармагына өткөрүп берген.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG