Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:32

«Жетинчи каналда» кожоюн алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» фонду сатып алган «Жетинчи канал» боюнча алды-саттыны жараксыз деп тапкан Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Атамбаевге караштуу «Апрель» телеканалы муну соттун көмөгү менен мүлктү рейдерлик басып алуу катары сыпаттады. Ал эми соттун чечиминде «Жетинчи канал» катталган Майрамкүл Мамбеталиева аттуу адам алды-сатты келишиминдеги коюлган кол аныкы эмес экенин жана аны жокко чыгаруу боюнча былтыр күзүндө сотко кайрылганы көрсөтүлгөн. Айрым медиа эксперттер мурдагы бийликтин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары шайлоонун астында жаңы бийликке караштуу адамдардын колуна өтүп жатканын белгилешүүдө.

Шаардык сот чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту 9-январда «Жетинчи каналга» ээлик кылуу укугу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын апелляциялык арызын карап, бирок канааттандырган жок.

Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» фонду 2018-жылы Майрамкүл Мамбеталиева аттуу адамдан «7-каналды» сатып алганын адвокаттар ырастап, алды-сатты келишимин жана анын тилкатын апелляциялык арызга тиркеген. Бирок 2019-жылы октябрда Майрамкүл Мамбеталиева телеканалды сатуу келишимине кол койбогонун билдирген жана бул алды-саттыны жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бишкектин Октябрь райондук соту анын арызын канааттандырып, алды-сатты келишимин жараксыз деп тапкан. Буга каршы болгон Атамбаевдин адвокаттары жакында Бишкек шаардык сотуна апелляциялык негизде арыз берген. Бишкек шаардык сотунун өкүлү Айсулуу Жаасынова райондук соттун чечими күчүндө калып, мүлккө ээлик кылуу укугу баштапкы абалына келтирилгенин билдирди:

- Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 9-январдагы аныктамасы менен Бишкектин Октябрь райондук сотунун 2019-жылдын 7-октябрындагы чечими өзгөртүүсүз бойдон күчүндө калтырылды. Анын жалпылаган бөлүгүндөгү «алды-сатты жараксыз деп табылсын» деген сөздөн кийин «тараптар аны баштапкы абалына алып келсин» деген сүйлөм кошумчаланды. Ошентип, сот Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрүнүн апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тартты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аталган телеканал боюнча кызыкчылыгын коргогон тараптын айтымында, Майрамкүл Мамбеталиева аттуу адам 2018-жылы 27-апрелде «Жетинчи каналга» ээлик кылган «Канал D» жоопкерчилиги чектелген коомун 7 миллион сомго Атамбаевге жана «Апрель» фондуна саткан. Келишимге ылайык, акчанын 6 миллион 300 миң сомун Алмазбек Атамбаев жана 700 миң сомун Фарид Ниязов жетектеген «Апрель» фонду төлөп берүүгө милдеттенме алган. Анын негизинде телеканалдын 90% үлүшү Алмазбек Атамбаевге, 10% «Апрель» фондуна өткөн.

«Апрель» телеканалы Майрамкүл Мамбеталиева, Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов кол койгон келишимдин көчүрмөсү, тилкат жана банкалык төлөм деген документтерди Интернеттеги сайтына жайгаштырды.

Табышмактуу «медиа магнат»

Анда азыркы бийлик Майрамкүл Мамбеталиеванын аты менен телеканалды рейдерлик жол менен басып алууну көздөп жатканы белгиленген. Бирок телеканалдын менчик ээси катары катталган Майрамкүл Мамбеталиева деген адам ким экени белгисиз. Анын өзүн таап байланышууга мүмкүн болгон жок. Сот чечиминде көрсөтүлгөн Мамбеталиева Майрамкүл Ынтымаковна деген адамдын аты-жөнү 2015-жылы парламенттик шайлоодо Шамшыбек Медетбеков жетектеген «Кыргызстан элдеринин конгресси» саясий партиясынын тизмесинде №122 катарда талапкер катары катталганы ачык булактардан белгилүү болду. Ошондой эле анда Мамбеталиева Майрамкүл Ынтымаковнанын Балыкчы шаарындагы №22 кварталдык комитеттин төрайымы экени көрсөтүлгөн. Ал эми телеканалга ээлик кылуу укугун териштирген сот чечиминде да «доогер Мамбеталиева Майрамкүл Ынтымаковна - Балыкчы шаарынын тургуну» деп көрсөтүлгөн.

Кожоюндары алмашса да жетекчиси алмашпаган «Жетинчи каналдын» башкы директору Алтынбек Жумаев каналдын айланасындагы соттук иштер боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«Медиа Форум» ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Азамат Акматов сотто үчүнчү тарап катары «Жетинчи каналдын» кызыкчылыгын коргогонун айтып, бул соттук талаш-тартыштын таржымалын толук айтып берүүдөн кармана турганын белгиледи:

Бул маселе боюнча Атамбаев же коомдук фонд айтып чыкса туура болмок. Анткени алар ошол телеканалдын ээси болуп жатышпайбы.


- «Жетинчи канал» бул иш боюнча үчүнчү тарап болуп жатат. Мен аны баштасам, аны жиликтеп айтып беришим керек болот. «Апрель» телеканалы документтерди көрсөттү го? Анда тилкаттан бери көрсөттү. Анан банк аркылуу төлөнгөн төлөм документтери да көрсөтүлдү. Мамбеталиева кол койгон документтердин баарын көрсөттү. Менин оюмча, ошонун баары эле жетиштүү го. Ошондуктан бул маселе боюнча Атамбаев же коомдук фонд айтып чыкса туура болмок. Анткени алар ошол телеканалдын ээси болуп жатышпайбы. Мен болгону «Жетинчи каналдын» өкүлү гана болуп, сот жараянына үчүнчү тарап катары катышып жатабыз. Үчүнчү тарап болгондуктан мунун бардыгын тизмектеп айтып бергеним бир аз туура эмес болуп турат.

Ташиев негиздеген каналдын таржымалы

«Жетинчи каналды» «Ата Журт» саясий партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 2010-жылы жайында Жалал-Абад шаарында негиздеген болчу. Бул телеканал алгач Жалал-Абад жана Ош облустарынын өрөөндө жайгашкан райондорунда көрсөтүлүп турган. Ошол убакта бул телеканал бийликке оппозициялык маанайда байма-бай материалдарды чагылдырганы менен өлкөнүн түштүк аймагында популярдуулукка жетишкен. Камчыбек Ташиев 2014-жылы «Жетинчи каналды» мурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сатканы тууралуу кезинде маалымат сайттары жазып чыккан. Бирок телеканалдын жетекчиси Алтынбек Жумаев аны четке каккан. Бирок юстиция министрлигинин каттоосунда бул телеканалдын негиздөөчүсү жана башкы директору катары Алтынбек Жумаев көрсөтүлгөн.

Бирок интернет-сайттарда телеканалды көзөмөлдөө Илмияновдун жакын адамы Каныбек Туманбаевге өткөнү жарыяланган.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Төлөгөнов Кыргызстанда бийлик алмашканда жана шайлоолордун астында жеке менчик телеканалдардын кожоюндары алмашып, алар колдон-колго өткөн өнөкөт бар экенин белгиледи:

Марс Төлөгөнов.
Марс Төлөгөнов.

- Жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттарын тартып алуу биринчи жолу болуп жаткан жок. Бирок бул жерде ошол жеке менчик телеканалдардын башында ким турганы, анын чыныгы ээси ким экени буга чейин белгисиз болчу. Буга байланыштуу соттук талаш-тартыш болгондо гана анын чыныгы кожоюндары тууралуу билип калып жатабыз. Анын кандай негизде түзүлгөнү, кантип негизделгени түшүнүксүз. Кайсы бир бийликтин тушунда ошол маалымат каражаттарын бирөө келип алат. Анан алар иштеп-иштеп, жок болуп кетишет же араңжан абалда кала берет. Анан бийлик алмашканда кийинки келген бийликке жакын адамдар аларды кайрадан өз колуна өткөзүп алышат. Азыр эми мындай көрүнүштүн негизги эле себеби түшүнүктүү болсо керек. Анткени 2020-жылы күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Бул жагдай ошого байланыштуу болушу да мүмкүн.

Кыргызстанда санариптик форматта өлкөнүн көпчүлүк аймагына чагылдырган 30дан ашуун жеке менчик негизде ачылган телеканал бар. Алардын көпчүлүгү чакан өздүк контентинен сырткары, негизинен орусиялык жана башка чет элдик телеканалдардын программаларын кайра алып көрсөтүү менен алектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG