Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:01

Сөз эркиндигинин баркы жана наркы


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстан 83-орунду ээледи.

Мурдагы СССР аймагындагы мамлекеттерге салыштырмалуу абал жакшы болгону менен журналисттердин укуктары жана коопсуздугу боюнча көйгөйлөр али аз эмес. «Арай көз чарай» талкуусунда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана келечеги жөнүндө кеп кылабыз.

Талкууга «Журналисттер» коомдук уюмунун төрагасы Марс Тулегенов, «Ачык саясат+» гезитинин башкы редакторунун орун басары Машакбай Рахманкулов жана медиа-юрист Акмат Алагушев катышты.

«Азаттык»: - Марс мырза, «Чек арсыз репортерлор» эл аралык уюму 2019-жылы 200гө жакын өлкөдөгү сөз эркиндигинин рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан 83-орунду ээлептир, бул көрсөткүчтү кандай бааласак болот?

Марс Тулегенов
Марс Тулегенов

Марс Тулегенов: - «Чек арасыз репортерлор» уюму мындай рейтингди 2019-жылдын жаз айларында да жарыялаган. Албетте, дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын 83-орунга келгени – жакшы көрүнүш, чоң секирик десек болот. Бирок бизде демейде боло жүрчү бир жагдай бар: бийлик алмашкан алгачкы жылдары ЖМКга байланыштуу жагдайлар позитивдүү болот. Бийлик орун-очок алып баштагандан кийин журналисттерде көп көйгөйлөр чыга баштайт. Бийлик бутактары катуу сынга кабыл алынгандыктан соттошуулар күч алып кеткенин байкайбыз.

«Азаттык»: - 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан бул рейтингде 98-орунда болуптур, абал бир топ жакшырды деп айта алабызбы?

Марс Тулегенов: - Аталган уюм Кыргызстандагы абалды эле изилдеген жок, башка шериктеш өлкөлөр менен салыштырып, ушундай жыйынтыктарды берип жатат. Тагыраагы, Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрүнө караганда абал жакшырууда.

Дагы бир жагдай: менин жеке баамымда акыркы айларда бир нече ЖМКлардын соттук териштирүүлөрү боюнча маалыматтар бул отчетко кирбей калды деп ойлойм. Эгер ал кирсе, жагдай башка жагына өзгөрүп кетиши мүмкүн.


«Азаттык»: - Акмат мырза, 2019-жылы Кыргызстанда журналисттер менен соттошуулардын саны мурдагы жылдарга салыштырганда азайдыбы же көбөйдүбү? Адатта журналисттер менен кимдер соттошот, алар дайыма эле укуктарын коргой алышабы?

Акмат Алагушев: - Бул маселе боюнча так статистиканы айтуу мен үчүн кыйын. Журналисттерге байланыштуу доо арыздар менен менден башка да көп юристтер иштеп жатат. Ошондуктан көбөйгөнү же азайганы тууралуу менде маалымат жок. Бирок бир маселе белгилүү: көбү Жарандык кодекстин 18-беренеси ("Адамдын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирүү") боюнча сотко беришүүдө.

Акмат Алагушев
Акмат Алагушев

Биздин практикабыздагы жалпы иштердин 80 пайызы ушул берене менен кетүүдө. Мындан сырткары 2019-жылы жаңы кодекстин 310-беренеси ("Расалык, диний жана аймактык кастыкты козутуу") менен соттошкондор болду. Биздеги негизги маселе сотко берүүдө эмес, башкы маселе журналисттерге, ЖМКга коюлган доорлордун суммасында болууда. Моралдык жана материалдык зыяндын суммасынын чеги мыйзамда жок болгондуктан доогерлер каалаган акчаны коюшууда. Анын арты менен соттор туура эмес чечимдерди чыгарышууда.

Моралдык зыянды соттор мамлекеттик чиновниктин ээлеген кызмат ордуна карап койгондой сезилип кетет. Соттор телекомпания менен гезиттин эмне айырмачылыгы, кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билишпейт. Сот «Апрель» телканалына, «Ачык саясат+» гезитине деле 300 миң сом айыппул салып койду. Эки ЖМКнын бюджетинин айырмасы асман менен жердей экенин соттор элестете албайт. Кыргызстандагы гезит үчүн 300 миң сомду төлөө – жабылуу деген сөз.

«Азаттык»: - Машакбай мырза, сиздердин гезит парламент депутаты менен соттошуп 300 миң сом айыпка жыгылдыңар. Бул жагдай сиздердин гезиттин мындан аркы иштешине канчалык тескери таасирин тийгизиши мүмкүн, же кадимки көрүнүш катары ишиңизди уланта бересиңерби?

Машакбай Рахманкулов
Машакбай Рахманкулов

Машакбай Рахманкулов: - Кыргызстанда иштеп жаткан мыйзамдарда адамдын кадыр-баркы, ар намысы, жалпы эле беделине доо кеткенде аны кантип өлчөйбүз - мунун чени жок. Биздин гезиттин жамааты чакан эле, 3-4 кишиден турат, гезиттин нускасы деле окурмандардын суроо-талабына жараша өзгөрүп турат. 300 миң сом айыппул биз үчүн чоң сумма. Бизге соттошконго чейинки элдешүүлөргө да макул болушкан жок, атайын ЖМКлар боюнча комиссиясында деле каралган жок.

Башында 1 миллион сом сурашкан, кийин 300 миң сом доо коюшту. Жогорку сотто бул сумманы азайтуу өтүнүчүбүз да суу кечкен жок. «Силердин негизги максатыңар гезиттин ишин токтотуу, эгерде «Ачык саясатты» жаап койсоңор, башка ат менен гезит чыгара беребиз» деп ачык эле айттык.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG