Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Каназаров: Сөз эркиндигин коргоого коом өзү умтулушу керек


Султан Каназаров.
Султан Каназаров.

Кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу 2013-жылы токтотулган кылмыш иши кайра жанданды.

12 жыл мурда киши колдуу болгон журналисттин иши жана Кыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалы тууралуу Журналисттик иликтөөлөр фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы Султан Каназаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Журналист Алишер Саиповдун ишинин алты жылдан кийин кайра жанданышына эмне себеп болду деп эсептейсиз? Сиз муну кандай бааладыңыз?

- Кылмыш ишинин кайра жанданышы - бир чети анын иликтенип, бети ачылышына дагы бир мүмкүнчүлүк. Биз буга ишенебиз. А бирок андан бери көп убакыт өттү. Көп нерсе унутулду, жагдайлар таптакыр башка. Эгер ошол кезде терең иликтенгенде натыйжасы жакшы болмок деп ойлойм. Азыр эми болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кандай кылмыш иши болсо да анын бети ачылышы керек. Өзгөчө сөз эркиндигине байланыштуу кылмыш ишин прецеденттик деп атаса болот. Ал жалпы миндеген журналисттердин ишин же жакшыртат же тескерисинче ага залакасын тийгизет. Ар бир журналистке коюлган чабуул аларды же күчтөндүрөт же ички цензураны пайда кылат. Аларда мындай окуялардан кийин «айрым темаларды жазбай, чагылдырбай эле коёлу» деген ой пайда болушу мүмкүн.

- Соңку окуялардан кийин журналисттердин коопсузудугуна байланышкан маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Сөз эркиндигине коюлган мындай чабуулдар менен кантип күрөшсө болот?

Эгер мен журналисттерге болушуп жатсам - бул кесиптештериме болгон тилектештик эмес, ошол сөз эркиндигин коргоого болгон көз карашым.


- Мисалы, эмне үчүн дүйнө жүзүндөгү кедей мамлекеттердин качкындары Америка Кошмо Штаттарына же Батыш өлкөлөрүнө баргысы келет? Анткени, ал өлкөлөрдө сөзсүз эске алынчу эрежелер бар. Алардын айрымдары - мыйзамдын үстөмдүгү жана сөз эркиндиги. Ийгиликтүү коомдун негизги принциптеринин бири - сөз эркиндиги. Эгер биз чыныгы эркин коом түзөбүз десек, сөз эркиндиги абдан принципиалдуу маселе болушу керек. Ошондой эле журналисттердин коопсуз жагдайда иштешине шарт түзүп берүү ошол коом үчүн фундаменталдуу баалуулук болууга тийиш. Кээде Жогорку Кеңештин трибунасында айрым эл өкүлдөрү «мына, журналисттер, силер ызы-чуу салып атасыңар, өзүңүрдү өзүңөр коргоп жатасыңар» деп айтышат. Эгер мен журналисттерге болушуп жатсам - бул кесиптештериме болгон тилектештик эмес, ошол сөз эркиндигин коргоого болгон көз карашым. Ар бир адамдын - бийликте болобу, бийликтен кеткениби же башкасыбы - оюн эркин айтышы да бул сөз эркиндиги. Азыр балким коомчулук журналисттерди күнөөлөп жатат, бирок бара-бара коом өзү фундаменталдуу баалуулуктар ушул экенин түшүнүшү керек. Биз башка бай өлкөлөрдөй болгубуз келсе, ушул эрежелерди так сакташыбыз керек. Сөз эркиндиги корголбогон өлкөдө экономика, саясат, укук жана башкаларды камсыз кылыш кыйын.

- Кыргыз бийлиги «сөз эркиндиги, адам укуктары корголгон демократиялуу өлкө курабыз» деп кайталап айтып келет. А бирок акыркы окуялардан кийин сиз бийликтин сөз эркиндигине болгон мамилесин кандай кабыл алдыңыз?

- Бийликтин логикасына биз таң калбашыбыз керек. Алар - биздин бир бөлүгүбүз, алар - Марстан түшүп келген адамдар эмес. Бүгүнкү окуялар бийликтин гана мамилесин эмес, коомдун да мамилесин көргөзүп жатат. Буга социалдык тармактардагы ар кандай пикирлер далил. Демек, мындай абал жалаң бийликтин эле көйгөйү эмес, жалпы кыргыз коомунун көйгөйүнө айланды.

- А бирок ушул тапта журналисттерге ишин жүргүзүү кооптуу деп эсептейсизби?

- Андай чабуулдардын башкы максаты - ошондой кооптуу шарт түзүү. Алар журналисттер өзүлөрүн цензуралап калышын көздөшөт. Кыргызда жакшы макал бар. «Корксоң баштаба, баштасаң таштаба!» дейт. Кыргыз журналистикасында аябай трагедиялуу учурлар көп болгон. Алишер Саиповдун, Геннадий Павлюктун же Сыргак Абдылдаевдин тагдырын мисалга алалы. Журналисттерди сабоо, өлтүрүү - бул кечээки, он жыл же андан көбүрөөк убакыт мурда болгон окуялар. Мунун баары эмгиче менин көз алдымда турган нерселер. Журналисттер өзүлөрүн өздөрү коргоого милдеттүү эмес. Журналисттерди, сөз эркиндигин камсыз кылуу укугун коомчулук да коргошу керек. Себеби, алар макала, баян, маалыматтарды өзүлөрү үчүн эмес, угармандары, көрармандары үчүн даярдайт.

- Маек курганыңыз үчүн рахмат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG