Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Баткен: прокурорлор кызматтан кетип, айыл башчылар камакта калды


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана Нуркамал Набиев (ортодо). Коллаж.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана Нуркамал Набиев (ортодо). Коллаж.

Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев жана Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалилов 3-апрелге чейин камакта калды. Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев баш болгон дагы эки прокурор кызматтан алынды. Ишембиде камакка алынган мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг өттү.

Лейлектин Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев жана айыл аймактын катчысы Акжол Абдуллаев, Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловду прокуратура 24-мартта 48 саатка кармаган. Прокуратура алардын үстүнөн арыз түшкөнүн, тергөө жыйынтыгы менен шектүү катары кармалышканын билдирген.

26-мартта алардын баш коргоо чарасы каралып, райондук сот Жалилов жана Эгембердиевди 3-апрелге чейин камакта калтырды. Ал эми Акжол Абдуллаевди үй камагына чыгарды.

Алардын жактоочусу Асылбек Конгуров облус прокурорунун кийлигишүүсү менен шашылыш оор берене коюлуп калды дейт.

“Башында буларды кармаган учурда “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси коюлган. Кийин баш коргоо чарасы сотто каралар алдында эле дароо "Коррупция" беренесине которуп коюшту. Анан сот дээрлик беш саатка созулушунун себеби да ушундан болду. Прокуратура “Коррупция” беренесин негиздеп бере албай жатат. Бирок, оор берене болгон үчүн сот да шек санап, 3-апрелге чейин эле камоого чечим чыгарды. Булар мамлекеттик экспертиза турса, жеке аудиторлорду жалдап алып келип, курулуштар боюнча корутунду алышкан. Мен анан прокуратура өкүлдөрүнө айттым. Далилдерди кармаганга чейин табыш керек болчу. Кармап, беренени коюп алып анан далил издешеби? Эмнеге мамлекеттик курулуш экспертизасы турса, жеке аудиторлордон корутунду алышат? Бул жерде облус прокурорунун мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча жеке аты аталган маселелер болгону үчүн эле ушундай болуп жаткандай да. Болбосо, өткөн жылы август айындагы ишти эми дароо козгоп жатышат. Негизи бир айда баардык тергөө жыйынтыктары, экспертиза да чыгат”.

Жума, ишемби күндөрү камакка алынган мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг өттү.

Лейлектеги мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг. 25-март, 2022-жыл.
Лейлектеги мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг. 25-март, 2022-жыл.

Нааразылык акциясына чогулгандар тарабай койгондуктан камактагы Эгембердиев менен Жалилов элге кайрылып, мыйзамды сактап, тарап кетүүнү, адилет чечимди күтүүнү суранышты.

Акцияга чыккандардын бири Сулайман Эргешов 26-март түн жарымда тарашканын, облус прокурору кызматтан четтегенден кийин туура териштирүү болорунан үмүт кылып турушканын билдирди.

“Биз бейкүнөө балдарыбызды камалганына нааразы болуп чогулдук. Кызыл-Кыя шаарынан, Кадамжайдан да тилектештик билдирип келишти. Анткени, чындык бул балдар тарапта деп эсептейбиз. Алар элдин кызыкчылыгын ойлоп, туташкан жемкорлорду жок кылабыз, элдин мүлкүн элге кайтарабыз деп аракет кылышты. Эл облус прокурорун кызматтан алгандан кийин жаңы прокурор келсе, адилет тергөө кылып, балдарыбызды чыгарып берет деп тарадык”.

Ушул жылдын февраль айында Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалилов муниципалдык менчиктеги кыймылдуу жана кыймылсыз элүүдөн ашык мүлктүн мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин айтып чыккан. Ал мүлктү жана жер тилкесин айыл аймактын эсебине кайтаруу аракетин баштаганын билдирген. Бул боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылып, иш иликтене баштаганда жергиликтүү бийликтин буйругу менен кошуна Бешкент айыл аймагына которулганын 24-мартта "Азаттык" радиосуна өзү билдирген эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Жаңы-Жер айыл аймагындагы бул окуяны борбордук бийликтин саясаты аймактарга жакшы жетпей жатканынан деген пикирде. Депутаттын айтымында, бир эле Баткен эмес өлкө боюнча жаңы ыкма киргизип, элдин үнү бийликке оңой жете тургандай кылып, жер-жерде бири-бирин коргогон жемкорлорду жоготуу үчүн аракеттер жасалышы керек.

Балбак Түлөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Балбак Түлөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты.

“Мага келген каттардын 90 пайызы аймактарда соттор менен прокурорлор, орган кызматкерлеринин ишине нааразылык менен келип жатат. Аймакта, айылдарда жашаган элдин үнү борбордук бийликке түз жетпей калууда. Мен өзүмдү эле алайын, Лейлектеги Арка, Достук айылында болуп жаткан окуяны кайдан билем. Бул окуя башталганда журналист Ыдырыс Исаков айтып чыккандан кийин иликтеп баштадым. Анан мага Москвада жүргөн мигранттар кайрылды. Демек, ошол аймактагы өкмөттүн өкүлдөрү, тиешелүү кызматтар чыныгы абалды борбордук бийликке жеткирбей жатышат. Ошол Жаңы-Жер айыл аймагындагы бир адамдын аракетин президент, УКМК төрагасы, башкы прокурор кайдан билет? Аны жеткирбей жатышат. Эл аргасы калбаганда соцтармак аркылуу кайрылууда. Ушунун бир механизмин иштеп чыгып, соцтармактар аркылуу кайрылууларды карап, жооп болушу керек. Мен мындайды билем. Өзүм олтурчумун соцтармакта. Ошондо чыныгы кырдаалды билип, оңдогонго болот. Борбордук бийлике жеткирбей, жеринде маселени чечишпесе, абалды оңдошпосо, анда жетекчилик аракет кылыш керек болот. Ал үчүн элдин үнү түз жете тургандай, туташкан мафиялар каалаганын жасабагандай механизм керек. Бир эле Баткен эмес аймактарда баарына сабак болушу керек”.

Өткөн аптада иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу боюнча сюжет жарыялаган. Мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү 2000-жылдардан кийин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагын башкарып турган бир адамдын айланасындагылар мыйзамсыз менчиктештирип алганы тууралуу айтылат. Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчысы Бекжан Жалилов муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү менчиктештирүүдөгү мыйзамсыз аракеттер тууралуу тиешелүү документтерди көрсөткөн.

Эркин журналист Ыдырыс Ысаковдун мүлктү менчиктештирип алгандар тууралуу тарткан видеосу:

Мүлктү мыйзамсыз менчиктештирген деп айыпталып жаткан айыл аймактын мурдагы башчысы Турабай Бостонов менен райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Нажимитдин Усаров Жалиловдун үйүнө келип, "ишти жабалы, арызды ал" деп айтканы тартылган тасмалар да ачык көрсөтүлгөн.

23-мартта Башкы прокуратура журналист Исаковдун сюжети боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдады. Көп өтпөй тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынды.

Апта соңунда Башкы прокуратура Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганын билдирди. Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожиддин Камолидинов ырастагандай, кызматтан кеткен прокурорлорго карата мындай чечим Лейлектеги жер чырына байланышкан окуядан улам кабыл алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG