Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Лейлекте эки айыл өкмөт башчысы камакта калды


Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев
Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев

Лейлек райондук соту Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев жана Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду камакта калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» кармалгандардын жакындары кабарлады. Маалыматка ылайык, Жалилов жана Эгембердиев 3-апрелге чейин камакта болот. Аларга карата коюлган айып «коррупция» беренесине өзгөртүлгөн. Ал эми кармалган үчүнчү адам - Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев үй камагына бошотулду.

26-мартта Лейлек райондук сотунун алдына жергиликтүү тургундар кармалгандарды бошотууну талап кылган акция өткөргөн. Алар Эгембердиев, Жалилов жана Абдуллаев айыл өкмөттөгү мыйзамсыз мүлк бөлүштүрүүнү ашкере кылганы үчүн куугунтукка кабылганын айтышууда.

Өткөн аптада иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу боюнча сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы баяндалган.

23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжети боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары эки күндөн бери нааразылык акцияларын уюштурду.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болду.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG