Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Баткен, Лейлек жана Сүлүктүнүн прокурорлору кызматтан алынды


Нуркамал Набиев
Нуркамал Набиев

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынды. Маалыматты Башкы прокуратурадан басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов ырастады.

Кызматтан кеткен прокурорлорго карата мындай чечим Лейлектеги жер чырына байланышкан окуядан улам кабыл алынган.

Аталган прокурорлордун ысымы Лейлектеги жер чырына байланыштуу айтылган эле. Өткөн аптада иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков аталган райондогу Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу боюнча сюжет жарыялап, жооптуу адамдарды прокуратура кызматкерлери калкалап жатканын билдирген.

Мындан кийин 23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжети боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирген.

Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары эки күндөн бери нааразылык акцияларын уюштурууда. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG