Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Акча алмаштыруучу алты жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду


Акча алмаштыруучу жай.
Акча алмаштыруучу жай.

АКШ долларынын курсуна байланыштуу кырдаалдан улам мыйзам бузганы үчүн Улуттук банк Бишкекте алты акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту. Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, "Золотой динар", "Ынтымак плюс" 10-апрелге чейин ишин токтотот. Ал эми "Айгуль ЛТД", "Аслан-Бектур", "Усман плюс" жана "Кайрат-Адил" 31-мартка чейин убактылуу иштебей турат.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өсүп кетти. Анын таасири Кыргызстанга да тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чейин чыкты. Соңку аптада доллардын курсу түшүп жатат.

24-мартта расмий курс 96,5 сом деп аныкталган болсо, 26-мартка карата 95,2 сомго түштү.

Ушул күндөрү бир АКШ доллары коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда 88-90 сомго бааланып жатат.

Улуттук банк 11-мартта долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG