Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Мариуполдо 200дөн ашуун сөөк бир жерге көмүлгөн болушу мүмкүн экени айтылды


Улуттар Уюмунун Украинадагы (БУУ) адам укуктары боюнча тобунун башчысы Матильда Богнер.
Улуттар Уюмунун Украинадагы (БУУ) адам укуктары боюнча тобунун башчысы Матильда Богнер.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы адам укуктары боюнча тобунун башчысы Матилда Богнер байкоочулар үч аптадан бери орус армиясынын курчоосунда турган Мариуполдогу массалык көмүүлөр боюнча кошумча маалымат алышканын жума күнү билдирди. Анын айтымында, мындай боордоштор көрүстөнүндө 200дөй адамдын сөөгү болушу мүмкүн. Богнердин айткандарын Reuters жазып чыкты.

"Биз Мариуполдогу массалык көмүүлөр туурасында барган сайын көбүрөөк маалымат алып жатабыз", - деди Богнер күбөлөрдүн сөздөрүн гана эмес, спутниктен тартылган сүрөттөрдү да келтирип.

Украинанын аймагында 50дөй кызматкери иштеп жаткан БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы Орусия бул аймакка басып кирген 24-февралдан тартып 1081 жайкын тургун каза болгонун билдирди. Өлкө бийлиги Мариуполдогу жайкын тургундар башкалкалап турган драма театрга жасалган соккудан бери дегенде 300 киши өлгөнүн ырастады. Андыктан согуш башталгандан бери каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал.

Буга чейин Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко "Настоящее Времянын" эфиринде шаарды аткылоо уланып жаткандыктан, каза болгондордун так санын аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Мариуполь Украинанын орус агрессиясынан эң көп жабыркаган шаары. Украинанын Азов деңизинин жээгинде жайгкашан Мариупол шаары бир нече аптадан бери камоолдо жатат. Орус тараптын тынымсыз аткылоолорунан улам шаардагы имараттардын, турак-жайлардын көбү талкаланган, байланыш, жылуулук, электр энергиясы иштебей турат. Калаада азык-түлүк тартыш болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG