Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Путин Украинага кол салууга катышкандарды "согуш ардагери" деп тааныган мыйзамга кол койду


Владимир Путин
Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путин Украинага кол салууга катышкандарды "согуштук аракеттердин ардагери" деп тааныган мыйзамга кол койду.

Коргоо министрлиги иштеп чыккан бул документти Мамлекетти Дума 23-мартта дароо үч окууда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, согушка катышкандарды жана жарадар болгондорду пенсия, турак жай менен камсыздоо, медициналык кызмат көрсөтүүдө жеңилдик берип, каза болсо акыркы сапарга узатуу каралган.

Орусияда согуштун ардагери деген наам буга чейин өткөн кылымдын башындагы жарандык, Экинчи дүйнөлүк согуштун жана башка куралдуу аракеттердин катышуучуларына берилип келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG