Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Бишкекте Украинага тилектештик акциясы өтүүдө


Bishkek - Kyrgysstan - A rally support of Ukraine - meeting - action support of Ukraine - Gorky Park - 26.03.2022
Bishkek - Kyrgysstan - A rally support of Ukraine - meeting - action support of Ukraine - Gorky Park - 26.03.2022

Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп жатат. Ага 50дөн ашык адам катышууда. Арасында бир катар жарандык активист, журналисттер бар.

Акциянын катышуучулары колдоруна «Кыргызстан Украина менен», «Жаша Украина» деген плакаттарды, Украина жана Кыргызстандын тууларын кармап турат. Иш-чара бир айдан бери уланып жаткан Украинадагы согуштун курмандыктарын эскерүү менен башталды.

Акцияда сөз сүйлөгөндөр "Кыргызстан Бажы биримдигинен чыксын", "Өлкө аймагында орус телеканалдарын көрсөтүү үчүн бюджеттен акча төлөнбөшү керек" деген талаптарды айтышууда.

Буга чейин Орусияны колдогондор 22-мартта Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбакта акцияга чыгышкан. Алар Орусиянын Украинага жасаган "аскердик операциясын" колдой турганын айтышкан.

Мунун алдында Украинадагы согушка каршылыгын билдирип, Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинин алдына акцияга чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кетип, сот аларга айып пул салган.

24-февралда Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына басып кирип, жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашууну үй-жайын таштап качууга мажбур болду.(BkA/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG